Оштогу УКТ мүчөсүнүн өлтүрүлүшү: Кылмыш иши сотко өттү

Оштогу УКТ мүчөсүнүн өлтүрүлүшү: Кылмыш иши сотко өттү

Ош шаарында быйыл 13-январга караган түнү киши колдуу болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн өлүму боюнча иш сотко өттү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмыш иши апрель айынын аягында сотко жөнөтүлгөн. 12-майда биринчи соттук отурум болгон.

Эскерте кетсек, 13-январга караган түнү Ош шаарында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өлтүрүлүп (бычактан жараат алып, каза болгон), дагы бирөө оор абалда ооруканага түшкөн. Ооруканага жаткырылган жаран арматура менен сабалып, айрыкча буттары жабыркаган. Милициядан билдиришкендей, маркум менен жабыркаган жаран жана аларга кол салгандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болушат.

Буга чейин Ош шаардык ооруканасынан Reporter.kg’ге билдиришкендей, арматура менен сабалган жаран 4-февраль күнү бейтапканадан чыгарылган. Анын абалы канааттандыралык экени жана дарыланууну амбулатордук түрдө улантары айтылган. Ооруканадан чыккандан кийин ал спорт менен машыгып жатканы тартылган видеосу соцтармактарга тараган.

Бул окуяга байланыштуу кылмышты уюштурууга шектүү катары Кадыр Досонов кармалган. Ошондой, эле Эламан Коргонбай уулуАкылбек Раимберди уулуКурсантбек Шакир уулу жана Нурбек Чубаков издөөгө алынып, кармалышкан. Кийинчерээк шектүү катары Э.А. аттуу жаран кармалган.

30-мартта бул иш боюнча тогузунчу шектүү кармалганы кабарланган.

Ошто арматура менен сабалган жарандын машыгып жаткан видеосу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>