Баткендеги той. Туугандарына чек арада туруп жүгүнгөн келин (видео)

Баткендеги той. Туугандарына чек арада туруп жүгүнгөн келин (видео)

Лейлек районунун Арка айылында той өтүп, ага Тажикстанда жашаган туугандары катыша алышкан эмес. Социалдык тармакта жарыяланган видеодо жаш түгөйлөр Каннибадам жолунун бир тарабында туруп, аркы өйүздө турган адамдар менен саламдашып жатканын көрүүгө болот.

Маалыматка караганда, видеодо Арка айылынын өзбек улутундагы тургундарынын үлпөт тою тартылган.


Кыздын Тажикстандын чек арага чектеш айылында жашаган тайенеси жана туугандары тойго өтүп келе алышкан эмес. Алар жаштарды  чек ара сызыгы катары эсептелген Каннибадам жолунун аркы бетинде туруп куттукташкан. Кыз салтка ылайык жашы улуу туугандарына жүгүнүп, алардын батасын алганын көрүүгө болот.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын май айынан бери кыргыз-тажик чек арасы толук жабык.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>