Төө-Ашуудагы кырсык. ИИМ маркум эки милиционердин туугандарына көңүл айтат

Төө-Ашуудагы кырсык. ИИМ маркум эки милиционердин туугандарына көңүл айтат

Ички иштер министрлиги Төө-Ашууда өрттөнгөн күйүүчү май ташыган унаандагы айдоочуну куткарам деп жараат алып каза болгон милициянын кызматкерлери Орозмамат Акуналиев менен Дилмурат Шамшиевдин туугандарына көңүл айтат.

Белгилүү болгондой, 27-октябрда Бишкек – Ош жолунун 96-чакырымында (Төө-Ашуунун ичи) күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетип, өрттөнгөн. Баткендин Кызыл-Кыя шаардык милициянын кызматкерлери – 30 жаштагы капитан Орозмамат Акуналиев менен 41 жаштагы майор Дилмурат Шамшиев иш сапардан келе жатып, өрттөнүп жаткан унааны көрүп калган. Алар унаанын айдоочусун өрттөн куткаруу үчүн токтоп, жардам берип жатканда жараат алып, ооруканага түшкөн.

«Бөөдө кырсык окуяга туш келип, тайманбаган, жандарын тобокелге салып, элдин камын ойлогон эр азаматтарыбыз Дилмурат Шамшиев 1-ноябрь күнү каза болсо, Орозмат Акуналиев дагы алган оор жаракаттарынан улам көз жуумп отурат.

ИИМдин жетекчилиги, коллегия мүчөлөрү жана жалпы ички иштер органдарынын кызматкерлери бул кабарды угуп кабыргабыз кайышып кабыл алдык. Эр жүрөк жигиттерибиздин үй-бүлөсүнө жана бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөбүз.

Кесиптештерибиздин жаркын элеси түбөлүккө сакталат. Жаткан жерлери жайлуу, топурактары торко болсун», — деп билдирет министрлик.

Дилмурат Шамшиев Кызыл-Кыя шаардык милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн издөө боюнча ыкчам өкүлү, милициянын майору болгон. Артындан аялы менен 3 баласы калды.

Дилмурат Шамшиев 1982-жылы 16-февралда Кызыл-Кыя шаарында төрөлгөн. Ал ички иштер органдарына 24 жашында кабыл алынып, бир нече жыл кенже курамда, коомдук коопсуздук кызматында иштеген. Андан кийин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматында үзүрлүү эмгектенип, акыркы мезгилдерде кылмыш иликтөө бөлүмүндө кызмат өтөп, коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө чоң салымдарын кошуп келген.

Орозмамат Акуналиев Кызыл-Кыя шаардык милициясында тергөө кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны болгон. Анын артында аялы менен 2 уул, 1 кызы калды.

Орозмамат Акуналиев 1993-жылы 12-мартта Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айылында төрөлгөн. Ал — ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясынын бүтүрүүчүсү. Өзгөн, Ноокат раондук жана Ош милциясында кызмат өтөгөн. 2021-жылдан бери Кызыл-Кыя шаардык милициясында тергөө кызматынын улук тергөөчүсү болуп үзүрлүү эмгектенип келген.

Эскерте кетсек, 27-октябрда Бишкек – Ош жолунун 96-чакырымында (Төө-Ашуунун ичи) күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетип, өрттөнгөн. Жолдо бараткан унаалардагы адамдар өрттү өчүрүүгө жардам берүү үчүн токтогон. Бир маалда күйүүчү май ташыган унаанын цистернасы жарылып, өрт жакын жерде турган унааларга өтүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркап, ооруканага түшкөн. Алардын экөө Баткен облустук милициясынын кызматкери болгон.

Төө-Ашууда өрттөнгөн унааны өчүрүшкөн экинчи милиционер көз жумду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>