Оштон Бишкекке кеткен. Дээрлик 6 айдан бери дайынсыз болгон Нурсултан изделүүдө

Оштон Бишкекке кеткен. Дээрлик 6 айдан бери дайынсыз болгон Нурсултан изделүүдө

Дээрлик 6 айдан бери дайынсыз болуп жаткан Ош шаарынын 22 жаштагы тургуну Нурсултан Абдыраев Бишкектен изделүүдө. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл 22-майда Ош шаардык милициясына аял киши кайрылып, 22 жаштагы уулу Нурсултан Абдыраев 12-майда Ош шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Аталган факт каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Кийинчерээк Нурсултан Абдыраев Оштон Бишкекке кеткени белгилүү болуп, учурда ал борбор калаадан изделүүдө.

Белгилери: бою 165-175 см, чачы кыска, кара, ак жуумал, арык чырай

Милиция дайынсыз болуп жаткан Нурсултан Абдыраевди көргөндөр болсо же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0312 352 605, 0553 102 465, 0703 501 600, 0553 102 880, 0502 250 815  же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>