Баткендеги төрөт үйүнөн качууга аргасыз болгон Мастуранын окуясы   

Баткендеги төрөт үйүнөн качууга аргасыз болгон Мастуранын окуясы   

Кыргызстанга куралдуу кол салуу учурунда Баткен облусунун саламаттык сактоо уюмдарына 39 кош бойлуу жана 27 эне төрөт учурунда жаткырылган, алар аман-эсен көз жарды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришти.

Маалыматка караганда, бардык аялдар коопсуз аймактарга көчүрүлүп, аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Баткен районунун Кара-Бак айылынын 32 жаштагы тургуну Мастура Токтосун кызы 16-сентябрда эртең менен Баткен шаарындагы төрөт үйүнөн качууга аргасыз болгон. Ал кооптуу аймактан Кадамжай шаарына келген.

Ал 17-сентябрга караган түнү Кадамжай шаардык жалпы дарыгерлик практикалык борборунда көз жарган. Уулу 2,5 кг салмакта төрөлгөн.

Дарыгерлер төрөт жакшы өткөнүн жана эне менен баланын ден соолугуна коркунуч жок экенин билдиришти.

«Эң негизгиси балам аман-эсен, ден соолугу чың болуп төрөлдү. Өз убагында жардам көрсөткөн медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирем», — дейт жаңы көз жарган Мастура.

Бул Мастур Токтосун кызынын бешинчи баласы. Күйөөсү жана төрт баласы да Кадамжай шаарына эвакуацияланган. Жакын арада үй-бүлөсү менен жолугат. Учурдагы кырдаалга байланыштуу ымыркайга ат коюла элек.

Учурда эвакуацияланган энелерге медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>