Баткенден борборго 430 жаран келди. Алар кайда жайгашты?

Баткенден борборго 430 жаран келди. Алар кайда жайгашты?

Кыргыз-тажик чек арасында тажик тараптын кол салуусуна байланыштуу Баткен облусунан Бишкек шаарына 430 жаран эвакуацияланды.

Мэриянын маалыматына караганда, 19-сентябрда штаб Баткен облусунан келген мекендештерди кабыл алуу жана аларга жардам көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу чечимин кабыл алган.

Социалдык өнүктүрүү департаменти  тарабынан Баткен облусунан келген 430 жаран катталды. Аларды «White hotel, «Shirin Botanik»  мейманканалары, Медициналык академиянын жана «Ала-Тоо» университетинин жатаканалары, «Тумар» жана «Достук», «Виа Бишкек», «Лагуна» мейманканалары кабыл алышты.

Баткендиктерге камкор атуулдар акимиаттар менен бирге тамак уюштуруп жатышат. Аларга алгач эң керектүү жардам көрсөтүлдү.

14-сентябрдан 20-сентябрга чейинки аралыкта Медициналык жардам кызматынын (БНИЦТО) клиникалык ооруканасына 12 адам түшкөн. Мэр Эмилбек Абдыкадыров алардан кабар алды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган 7 бала Эне менен баланы коргоо улуттук борборуна жаткырылды.

Баткен облусунан каза болгондордун сөөгүн жакындарына жеткирүү үчүн (200 жүк) 50 жүк куту даярдалып, анын 9у өткөрүлүп берилди.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин соңку маалыматы боюнча жараат алган жарандардын саны 198 адамга жетти. Ал эми каза болгондордун жалпы саны 59 адамды түздү.

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган.

УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ок атууну токтотуу боюнча макулдашылган. Ага карбастан ок атышуулар түнгө барып басылган.

Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза тапты.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал тынч бойдон сакталууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>