Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Депутат Баткендеги үй куруучуларга айлык төлөнбөй жатканын айтты
01.02.2023 | 12:20
Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Баткен облусунда үй куруу менен алектенген айрым ишканалар курулушчулардын эмгек акысын төлөбөй жатканын билдирди.
«Жалпысынан Баткен шаарында үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Ал эми «Доор курулуш», «Тынчтык» сыяктуу ишканалар куруучуларга эмгек акы төлөбөй келет. Алар курулушту да создуктуруп жатышат. Министрлер кабинетинен ушуну эске алуусун суранам», – деди эл өкүлү.
Икрамов ошондой эле Баткен облусунда «Газпромдун» спорт залы курула электигине нааразы болду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом