Казакстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын медалдык эсебинде биринчи орунду алды — Аскат АлагозовУКМК: Ош бажысынын инспекторлору коррупцияга шектелип кармалдыСадыр Жапаров акыйкатчыга күч түзүмдөрү тарабынан кыйноолор боюнча арыздарды текшерүүнү тапшырдыСоодадан туризмге чейин: Кыргызстан менен Зимбабвенин ортосунда алгачкы саясий консультациялар өттүБишкекте Махатма Ганди көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатҮч облустагы ветеринардык дарыканаларда дары-дармектерди сактоо эрежелери бузулганы аныкталды
Бишкекте таштанды чыгаруунун акысы көтөрүлдү. Жаңы тариф
01.02.2023 | 12:47
Бишкекте таштанды чыгаруунун акысы көтөрүлдү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге “Тазалык” ишканасынын директору Рамиз Алиев билдирди.
Анын айтымында, тарифти көтөрүү боюнча токтом 1-февралдан тарта күчүнө кирди. Абоненттер жаңы тариф боюнча март айынан тарта төлөй башташат.
“Азыр тариф бир кишиге 41 сом болуп калды. Мурда 22,5 сомду түзүп келген. Ошондой эле пенсионерлер үчүн 22,5 сом болду. Мурда 6 сомду түзгөн. Андан тышкары чарба субъекттери үчүн 1 куб метрине 445 сом же тоннасына 2 мин 430 болду”, – деди Алиев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом