Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алган мыйзам долбоорлору

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары кабыл алган мыйзам долбоорлору

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар бир катар мыйзам долбоорлорун кабыл алды.

Жогорку Кеңештин жыйынында “КР айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Алсак, мындай чечим КР мыйзамдарын инвентаризациялоонун алкагында сунушталган. Андан тышкары, жыйында “Чет өлкөлөрдөгү мекендештерди колдоо боюнча мамлекеттик саясаттын негиздери жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр да үчүнчү окууда талкууланды.

Белгилей кетсек, аталган долбоордун негизги милдети колдонуудагы мыйзамды КР Конституциясынын жаңы редакциясына шайкеш келтирүү жана миграция чөйрөсүнө тиешелүү мыйзамдардагы боштуктарды жана карама-каршылыктарды жоюу болуп саналат.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, кабыл алынды.

“2021-жылдын 30-декабрында Москва шаарында кол коюлган, 2014-жылдын 23-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин алкагында медициналык буюмдарды (медициналык арналыштагы буюмдарды жана медициналык техниканы) жүгүртүүнүн бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.

Алсак, аталган мыйзамда белгиленген протокол менен колдонуудагы макулдашуунун 11-беренесине өзгөртүүлөр киргизилет.

Андан тышкары, жыйында “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр да үчүнчү окууда талкууланды.

Тагыраагы, сунушталган долбоор менен колдонуудагы мыйзамдын ченемдерин КР Конституциясына жана “КР Министрлер кабинети жөнүндөгү” конституциялык мыйзамына ылайык келтирүүгө багытталган.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>