Баткендеги жол кырсыктан каза болгон адамдардын өздүгү такталды

Баткендеги жол кырсыктан каза болгон адамдардын өздүгү такталды

Кыргыз-өзбек чек арасындагы жол кырсыктан жабыркаган адамдардын өздүгү такталганын ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Кадамжай районунда экскаватор жүктөлгөн чоң жүк ташуучу унаа кыргыз-өзбек чек арасындагы “Чечме” өткөрүү пунктунда турган унааларды сүзүп кеткендиги жана жеринде 7 адам каза болгону маалымдалган. Кийинчерээк жабыркаган адамдардын так саны такталган.

Унаанын айдоочусу 1961-жылы туулган А.К. экендиги аныкталды. Ал ӨКМдин кызматкери болгон жана 1218MES номурундагы HOWO 6×4 кызматтык тралы менен атайын техникаларды жүктөп бара жаткан. 21-майда саат 16:00 чамасында Бөжөй айылындагы бурулушта унаанын тормозу иштебей калып, токтото албай калган.

Жүк ташуучу унаа 11 унааны сүзүп кеткен. Жол кырсыктын кесепетинен 8 адам каза болуп, 7 адам жабыркаган.

Жеринде каза болгондор: айдоочу А.К., анын жүргүнчүсү А.Т., 1989-жылы туулган Т.А., 1980-жылы туулган Т.Х., жана А.А., М.Н., Ш.Ж., А.уА., аттуу жарандар каза болгон.

Жаракат алган жарандар: Айдаркен айылынын тургундары – 1988-жылы туулган К.Р., 1983-жылы туулган Т.Т., 1984-жылы туулган М.А., 1986-жылы туулган Д.Ч., 1991-жылы туулган Р.С., жана М.А., Р.С., аттуу эки өспүрүм.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>