Тажикстандын агрессиясы: Мекенин коргогон баатырлар эскерилди

Тажикстандын агрессиясы: Мекенин коргогон баатырлар эскерилди

Бүгүн, 23-декабрда Баткен окуясында курман болгон баатырлар эскерилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Улуттук тарых музейинде Баткен окуяларында мекен үчүн курман болгон баатырлардын элесин түбөлүк калтыруу максатында сүрөт көргөзмө уюштурулуп, анда Баткенде кайтыш болгон баатырлардын портреттери Улуттук тарых музейине өткөрүлүп берилди.

Аталган иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, маданият министри Алтынбек Максүтов, Жогорку Кеңештин депутаттары жана курман болгон баатырлардын жакындары катышты.

«Камчыбек Ташиев, Баткен окуясында курман болгон жоокерлердин эрдиги эч качан унутта калбасын айтып, баатырлардын ата-энелерине ыраазычылык билдирди. Ошондой эле өлкө жетекчилиги, мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууда мындан ары да жигердүү иш-аракеттерди күчөтөрүн баса белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>