Баткендин жашоочуларын дарыгерлер акысыз текшеришти

Баткендин жашоочуларын дарыгерлер акысыз текшеришти

Баткен облусунун алыскы сегиз айылынын жашоочуларын дарыгерлер акысыз текшеришти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

«Үй-бүлөнү пландоо кыргыз альянсы» коомдук бирикмеси Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте Улуу Британиянын Өкмөтүнүн жана БУУнун Кыргызстандагы Калк жайгаштыруу фондунун каржылык колдоосу астында “Баткендик аялдарды жана кыздарды комплекстүү колдоо” долбоорунун алкагында калкка энелик жана репродуктивдик ден соолукту коргоо боюнча медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында бир катар комплекстүү иш-чараларды өткөрүп жатат.

2023-жылдын октябрь айында Баткен областындагы чек арага жакын жайгашкан 8 айылына мультидисциплинардык мобилдик клиникалардын сапарын уюштурушкан.

2023-жылдын 3-октябрынан 21-октябрына чейин онколог-маммолог, гинеколог, терапевт жана УДИ-адистерден турган дарыгерлердин командасы Лейлек жана Баткен райондорунун алыскы айылдарындагы аялдарды жана өспүрүм кыздарды акысыз текшерип жана кеңеш беришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>