Лондон Кыргызстандын өнүгүүсүнө 10,56 млн $ бөлөөрү күтүлүүдө

Лондон Кыргызстандын өнүгүүсүнө 10,56 млн $ бөлөөрү күтүлүүдө

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Лондон шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында Улуу Британиянын Тышкы иштер жана эл аралык өнүктүрүү министри Дэвид Кэмерон менен жолукту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Алгач Акылбек Жапаров британ бийлигинин кыргыз делегациясын жылуу тосуп алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, президент Садыр Жапаровдун саламын жолдоду.

Андан соң ал, социалдык-экономикалык өнүгүү долбоорлорунун алкагында, адамдык потенциалды чыңдоо, жакырчылыкты кыскартуу, чакан жана орто бизнести колдоо боюнча  Улуу Британиянын Кыргызстанга кошкон салымын жана жардамын жогору баалай турганын айтты.

Маселен, британ тараптын айтымында 2021-2022-жылдары долбоорлор жана программалар аркылуу Улуу Британиянын Кыргызстанга болгон жардамы 5,2 млн долларды түзгөн, мындан тышкары 10,56 млн доллар Кыргызстандын өнүгүүсүнө расмий жардам катары бөлүнөөрү күтүлүүдө.

Сүйлөшүү учурунда Акылбек Жапаров акыркы 3 жылда Кыргызстандын ИДПсы дээрлик эки эсеге өскөнүн, ал өлкөдөгү саясий туруктуулуктун, ийгиликтүү башкаруунун, коррупцияга каршы күрөштүн жана экономикалык реформалардын аркасында өлкөнүн бюджети 3 эсеге өскөнүн айтты. Анын арты менен Кыргызстан БУУга мүчө 166 мамлекеттин ичинен 45-орунду ээлеп, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү темптери боюнча лидер болуп калганын кошумчалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташууга токтолуп, анда 2023-жыллын 8 айында эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 60 млн доллардан ашканы, ал 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 480%га өскөнү айтылды.

Бул багытта Акылбек Жапаров британ импортчулары менен Кыргызстандын экспорттоочуларынын ортосунда ишкер байланыштарды түзүү боюнча биргелешкен ишти активдүү улантуунун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстан чет элдик инвесторлорду тартуу боюнча жигердүү иштерди алып барып жатканын билдирди.

“Биздин оюбузча, Кыргызстандын Кытай менен континенталдык Европанын ортосундагы логистикалык жолдорунда ыңгайлуу жайгашуусу, гидроэнергетикалык потенциалы, өзгөчө минералдык-ресурстук базанын, баалуу жана сейрек кездешүүчү жаратылыш ресурстарынын болушу потенциалдуу инвесторлорду кызыктырат. Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климат түзүлдү, ал эми кепилдик өлкөнүн Конституциясында даана чагылдырылган”, — деди Акылбек Жапаров.

МинКаб төрагасы ошондой эле, британ бийлигине Кыргызстандын жарандарынын Улуу Британияда сезон учурунда убактылуу иштеп кетүүгө мүмкүнчүлүк түзгөнгө кошкон салымын жогору баалады.

“Быйыл Кыргызстан үчүн сезон учурунда жумушчулардын квотасы 8 миң адамга жеткенин канааттануу менен белгилейм жана эки тарапка тең пайдалуу оң тажрыйбаны эске алуу менен сезондук жумушчулардын саны мындан ары дагы өсөт деп ишенебиз”, — деди ал.

Улуу Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Кэмерон Кыргызстандын жарандарынын сезон учурунда убактылуу иштөөсүн кубаттады.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров 1994-жылдагы кыргыз өкмөтү менен британ өкмөтүнүн ортосунда аба каттамдары боюнча макулдашууга ылайык Лондон менен Бишкектин ортосунда үзгүлтүксүз каттамдар болуп турганын айтып, бирок 2013-жылдын бери каттамдар токтотулганын билдирди.

“Акыркы жылдары Улуу Британияда иштеген жарандарыбыздын, студенттердин жана аспиранттардын санынын жыл сайын көбөйүшү, ошондой эле Кыргызстандан бул жакка келген жана бул жактан Кыргызстанга барган туристтердин агымынын көбөйүшү, албетте, жүргүнчүлөрдүн көбөйүшүнө алып келет. Мына ушул жагдайларды эске алуу менен, урматтуу Кэмерон мырза, биздин өлкөлөрүбүздүн ортосундагы аба каттамдарын регулярдуу калыбына келтирүү жөнүндөгү маселени өкмөттүк деңгээлде кароого жардам берүүнү суранам”, — деди Акылбек Жапаров.

Ал эми Улуу Британиянын тышкы иштер жана эл аралык өнүктүрүү министри Дэвид Кэмерон эки тараптуу кызматташууну активдештирүүгө британ бийлиги кызыктар экенин айтып, буга чейин жана мындан ары боло турган эки өлкөнүн макулдпшууларынын ишке ашырылышы жогорку деңгээлге чыгаарына ишеним артаарын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>