Алыскы Зардалыга баруучу унаа жолду кеңейтүү жана асфальттоо иштери улануудаNvidia компаниясынын жетекчиси Женсен Хуанг жаңжалдын фонунда кызматтан кеттиЧүй токой аңчылык чарбасында заманбап көчөткана курулатБишкектин Асанбай кичи районунда жылуулук жана ысык суу убактылуу токтотулду«Айтматов» тасмасынын режиссёру баасы 250 миң долларлык бриллиант алдыКыргызстанда брондолгон унааларды өндүрүү долбоору ишке ашырылууда
Баткенге концерт койгону бара жаткан блогерлер жол кырсыгына кабылды
26.12.2023 | 11:57
Блогерлер Арген Асанов менен Аружан Бекешева Ош-Раззаков жолунда кырсыкка кабылды. Бул тууралуу Арген Асанов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.
Маалыматка караганда, кырсык Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 213-чакырымында болгон. Блогерлер бара жаткан Мерседес Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып кеткен.
Арген Асановдун абалы жакшы, Аружан Бекешева катуу жабыркаганы айтылат.
Блогерлердин 25-декабрда Баткен шаарында концерти пландалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом