Депутат жашы 60ка жеткен педофилдерди да өмүр бою абакка кесүүнү сунуштоодо

Депутат жашы 60ка жеткен педофилдерди да өмүр бою абакка кесүүнү сунуштоодо

Кыргызстанда педофилдерге пробация колдонбоо жана кылмышкердин жашы 60тан ашса да өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоору депутат Марлен Маматалиев тарабынан даярдалган.

Аталган документ парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер боюнча комитетинде каралды.

Маматалиевдин айтымында, азыркы мыйзам боюнча педофил жашы 60тан ашса, өмүр бою эркинен ажыратылбайт. Депутат  мыйзамдын бул нормасын алып салып, педофилге жаш курагына карабай оор жаза берүүнү сунуштайт. Ошондой эле ал мыйзамга педофилдерге пробация колдонулбаш керек деген норманы киргизүүдө.

«Жаш балдарга зордук-зомбулук кылса, 60ка, 70ке, 80ге чыгабы, өмүр бою эркинен ажыратылсын деп жатабыз. Мындай кылмышкерлер жер үстүндө баспаш керек. Мындай кылмышкерлер Кыргызстанда болбош керек. Алар сыртта жүргөндөн көрө, түрмөдө чирип, өлгөну жакшы. Алар сыртта өзүнүн кылмышын жасагандан көрө, биз (мамлекеттин эсебинен деген мааниде –ред.) баксак дагы, түрмөдө отурганы жакшы», — деди ал.

Депутат сунуштаган нормага Башкы прокуратура каршы чыкты.

Жыйынтыгында комитет мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Белгилей кетсек, азыркы мыйзам боюнча педофилдерге 15 жыл же өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>