Баткенде “Допинг” иш-чарасы учурунда 32 жаштагы жаран наркотикалык дарылар менен кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
Маалыматка караганда, Ош-Раззаков жолунда бара жаткан шектүүнүн автоунаасынан 2700 кутуча «Лирика» жана 400 даана «Зардекс» аталышындагы капсула сыяктуу заттар табылып, алынган.
Ага каршы аткезчилик айыбы менен иш козголуп, текшерүү башталды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз