Ошто жаңы жылдык отуруш адам өлүмү менен аяктаган. Шектүүлөр кармалды

Ошто жаңы жылдык отуруш адам өлүмү менен аяктаган. Шектүүлөр кармалды

Ошто адам өлтүрүүгө шектүү 2 жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-январда саат 12:15 чамасында милицияга Амир-Темир кичи шаарчасынын тургуну чалып, 27 жаштагы уулун бирөөлөр өлтүрүп кеткендигин билдирген.

Окуя жерине шаардык милициянын жетекчилиги, ыкчам-иликтөө тобу барган. Аталган даректеги үйдөн 27 жаштагы С.Б. аттуу жарандын сөөгү табылган. Анын баш жагында жарааттары, далысынын сол тарабында бычактан калган терең жараты бар экендиги аныкталган.

Бул кылмышка шектүү деп Кара-Суу районунун 24 жаштагы Р.О. жана 29 жаштагы Г.Ш. аттуу тургундары аныкталган. Алар 2-январда Өзбекстанга качып кетүүгө аракет кылып жатканда чек арадан колго түшүрүлгөн.

Сурак учурунда шектүүлөр билдиргендей, алар Жаңы жылды маркум С.Б.нын үйүндө тосуп, ичимдик ичишкен. Бир учурда алардын ортосунда чыр чыгып, кайым айтыша кеткен. Шектүүлөрдүн бири Р.О. үй ээсин бир нече жолу уруп, бөтөлкө менен башка чаап, андан соң сол далысына бычак сайган. Андан кийин жарадар болгон С.Б.га жардам көрсөтпөстөн Р.О. менен Г.Ш. окуя жеринен качып кетишкен.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө иштери жүрүп, шектүүлөрдүн көрсөтмөлөрү текшерилүүдө.

4-январда шектүүлөрдүн бөгөт чарасы сотто каралып, алар тергөө аяктаганга чейин камакка алынган.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>