Батукаевдин бошотулушу: Алмазбек Атамбаевдин иши кайра каралат

Батукаевдин бошотулушу: Алмазбек Атамбаевдин иши кайра каралат

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча козголгон кылмыш иши кайра кароого жөнөтүлдү. Бул тууралуу Жогорку соттон билдиришти.

Маалыматка караганда, Жогорку сотко Атамбаевдин жактоочулары кайрылып, жаңы жагдайлар боюнча ишти кайра кароону өтүнгөн. Сот өтүнүчтү канааттандыргандыктан, иш Биринчи май райондук сотунда кайра каралат. Мурдагы соттун өкүмдөрү жокко чыгарылган.

Эскерте кетсек, кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы абактан чыккан. Ал учурда Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын президенти болуп турган.

2019-жылы Жогорку Кеңеште Алмазбек Атамбаевдин экс-президент макамын алуу үчүн ага каршы айып коюу маселеси боюнча атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия Атамбаев бир нече ишке тиешеси болушу мүмкүн деген жыйынтыкка келген, алардын ичинде Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш да бар. Андан соң Атамбаев экс-президент макамынан ажыратылган.

Бул иш боюнча Атамбаев 11 жылга эркинен ажыратылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>