Баткенде 10 тонна аткезчилик минералдык жер семирткич алынды  

Баткенде 10 тонна аткезчилик минералдык жер семирткич алынды  

Баткенде контрабандалык жол менен ташылып келген дээрлик 10 тонна минералдык жер семирткич кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен бажысынын контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери, УКМК кызматкерлери менен биргеликте ЕАЭБ жана Кыргызстандын бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө Баткен облусунун Лейлек районундагы Арка айылында минералдык жер семирткич карбамид жана аммиак селитрасы товарларын табышкан. Жүк бажылык тариздөөдөн өткөндүгүн тастыктаган эч кандай документтери болгон эмес.

Кармалган товардын жалпы салмагы 9650 кг түзгөн. Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн экспертинин корутундусуна ылайык, кармалган товардын орточо базар баасы 448 миң 200 сомду түздү.

Бул факты боюнча чогултулган материалдар КККБ жана БЭБ бөлүмүнүн бажылык териштирүү секторунда каралууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>