Прокуратура Түп районунда 163 млн сомдук лагерди мамлекетке кайтардыКыргызстанда экологиялык жылытуучу жабдууларды сатып алууга жеңилдетилген насыя берилүүдөМаматалиев президент шайлоо алдында эмне үчүн ыйгарым укуктарын токтотпой турганын түшүндүрдүШайлоого барбасаң — бир күндүк айлык жок. Маматалиев жаңы тартипти түшүндүрдүКыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоору боюнча сүйлөшүүлөрдү улантуудаАла-Арча суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо боюнча 6 протокол түзүлдү
Батукаевдин иши: мамлекеттик айыптоочу Атамбаевге 15 жыл жаза сурады
17.06.2020 | 09:31
«Батукаевдин иши» боюнча мамлекеттик айыптоочу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди 15 жылга эркинен ажыратууну сурады. Бул тууралуу ЖМКларга мурдагы президенттин жактоочусу Замир Жоошев билдирген.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотуу ишине байланыштуу соттук отурум болгон.
Анда прокурорлор айыптоо актысын окуган.
«Бүгүн жарыш сөздө мамлекеттик айыптоочулар мурдагы айыптоо актысын окуп койду. Анан шектелүүчүлөргө жаза сурады. Алмазбек Шаршеновичти 15 жылга эркинен ажыратуу, мамлекеттик сыйлыктарын жокко чыгаруу, үй мүлкүн мамлекетке чегерүүнү суранды», — деген Жоошев.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат