Үйлөрдүн ортосундагы бир метр жана жооптордогу туңгуюк: Оштун чиновниктери жаранды кантип ары-бери түртүп жатышат

Ош шаарынын тургуну бир кабаттуу үйүнөн болжол менен бир метрдей аралыкта беш кабаттуу имараттын курулушун мамлекеттик органдар текшерип беришин бир нече айдан бери талап кылып келет. Оштук тургун кайда гана кайрылбасын, чиновниктердин жооптору — биринен бири «акылдуу».
Чиновниктердин жапырт «оорусу»
Эске салсак, августтун аягында Reporter.kg редакциясына түштүк калаанын тургуну Улугбек Назаров кайрылган. Ал Моминов көчөсү, 1 (мурдагы Светлый тар көчөсү) дарегиндеги үйүнүн жанында беш кабаттуу имаратты курууда мүмкүн болгон мыйзам бузуулар тууралуу билдирген.
Назаровдун айтымында, куруучу анын бир кабаттуу үйүнөн болжол менен бир метрдей аралыкта беш кабаттуу имарат тургузган. Курулуш иштери жүрүп жатканда короого бийиктен мыктар, арматура жана бетон сыныктары түшүп турган.
«Тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылгандан кийин КР Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти (ГАСК) куруучуга эскертүү берип, айып пул салган, бирок эч нерсе өзгөргөн жок», — деп айтып берген ошондо Назаров.
Курулуш тосмосуна илинген объектинин паспортуна ылайык, куруучу «ТЕСО» ЖЧКсы болуп саналат, компаниянын жетекчиси — Нурбек Зулпидинович Мадазимов.
Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматы боюнча, компания 2022-жылдын аягынан 2026-жылга чейин тендерлерге катышкан. Анын негизги буюртмачыларынын арасында Ош облусунун мамлекеттик жана муниципалдык мекемелери бар: мектептер менен бала бакчаларды оңдоого буюртма берген райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү, саламаттык сактоо мекемелери, ошондой эле Ош шаарынын мэриясына караштуу муниципалдык менчик жана турак жай-коммуналдык чарба түзүмдөрү.
Жалпысынан алганда, эч кандай өзгөчө «кылымдын курулуштары» жок, катардагы эле компания.
Таң калычтуусу башкада: мамлекеттик органдардын жоопторунан улам, чиновниктер өзүнүн жалгыз турак жайын коргоого аракет кылган адамдын арыз-муңун териштиргенден көрө, курулуштун эмне үчүн улана бериши мүмкүн экендигин түшүндүрүүгө алда канча дилгирдей таасир калтырат.
Айрым расмий каттар ушунчалык көп суроолорду жаратат дейсиң, аларды окуп жатып төбө чачың тик турат. Эл айткандай, жазган алар, бирок уяты биздики.
Назаров чиновниктерге эмнени талап кылып жатканын түшүндүрүүдөн тажады. Ал ведомстволор аралык комиссия түзүп, жерине барып, анын бир кабаттуу үйү менен беш кабаттуу имараттын ортосундагы аралыкты рулетка менен ченеп чыгууну суранууда.
Андан соң — алынган маалыматтарды долбоор жана курулуш ченемдери менен салыштыруу керек.
Аткарылбай турган иш эместей көрүнөт. Анын үстүнө кеп тосмо талашкан эки кошунанын чатагы жөнүндө эмес, бар болгон турак үйдүн жанына беш кабаттуу имарат куруу жөнүндө болуп жатат.
Бирок маңызы боюнча жооп алуунун ордуна, ал мэриядан, прокуратурадан, ӨКМден жана ГАСКтан каттарды алууда. Бири уруксат документтери бар экенин билдирсе, экинчиси өрткө каршы аралыкты кыскартууга жол берген ченемдерге шилтеме жасайт, үчүнчүсү салынган айып пулдар жөнүндө айтат.
Ал эми үйлөрдүн ортосундагы аралыкты ким жана качан ченеди? Бир кабаттуу турак жайдан болжол менен бир метрдей аралыкта беш кабаттуу имарат курууга кайсы ченем жол берет? Мындай коңшулук Назаровдун үйүнүн коопсуздугуна кандай таасир этет? Бул суроолор ачык бойдон калууда.
Чиновниктердин баарын бирдей «жамааттык сокурлук» оорусу баскандай сезилет: беш кабаттуу имаратты көрүп жатышат, тургундун арызын окуп жатышат, бирок ал айтып жаткан көйгөйдү көшөрүп көрмөксөнгө салышууда.
Оштун сейсмикалык кооптуулугун «жокко чыгарган» ӨКМ
Кыргызстанда имараттарды жайгаштырууга коюлган талаптар курулуш ченемдери, анын ичинде КР КЧ 30-01:2020 «Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды пландаштыруу жана куруу», ошондой эле өрт коопсуздугунун ченемдери менен аныкталат.

Алгачкы материалда Назаров эки конкреттүү курулуштун: өзүнүн бир кабаттуу турак үйү менен анын жанына курулган беш кабаттуу имараттын ортосундагы аралык маселесин көтөргөн.
Мындай курулушка баа берүү үчүн өрткө каршы ажырымды гана эмес, имараттардын бийиктигин, терезелердин жайгашуусун, турак жайлардын жарык көрүүсүн жана сейсмикалык коопсуздук талаптарын да эске алуу зарыл.
КР КЧ 30-01:2020 ченеминде турак имараттардын ортосундагы аралыктарга карата талаптар каралган. Тактап айтканда, төрт жана андан жогору кабаттуу имараттар үчүн документте узун капталдарынын ортосунда 20 метрден кем эмес, ал эми узун капталы менен турак бөлмөлөрдүн терезелери бар каптал бөлүгүнүн (торцунун) ортосунда 10 метрден кем эмес аралык көрсөтүлгөн.
Бирок бул жоболорду Моминов көчөсүндөгү курулушка колдонуу үчүн беш кабаттуу имараттын багытын, анын дубалдарынын Назаровдун үйүнө карата жайгашуусун жана долбоорду макулдашууда ченемдердин так кайсы пункту колдонулганын аныктоо керек.
Имараттардын ортосундагы аралыктан тышкары, иштеп жаткан турак жайдын инсоляциясын (күн нурунун тийишин) жана табигый жарык көрүүсүн текшерүү зарыл. Бир кабаттуу үйдүн жанына тургузулган беш кабаттуу дубал сөзсүз түрдө суроо жаратат: эми анын терезелерине канча күн нуру тийет жана долбоорлоодо тиешелүү эсептөөлөр жүргүзүлгөнбү?
Өрткө каршы талаптар да бар. Имараттардын мүнөздөмөлөрүнө жараша ченемдер алардын ортосундагы белгилүү бир аралыктарды жана айрым өрткө каршы ажырымдар кыскартылышы мүмкүн болгон шарттарды карайт.
Бирок Ош шаардык ӨКМ Назаровго берген жообуна караганда, мындан алда канча жөнөкөй түшүндүрмө тааптыр.
Бөлүм башчысы У. М. Жусубалиевдин колу коюлган расмий катта КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 93-нпа буйругу менен бекитилген «Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды пландаштыруу жана куруу» курулуш ченемдеринин 1.3-тиркемесине ылайык, терезе оюктары жок дубалдары бар имараттардын жана курулмалардын ортосундагы аралыкты 50 пайызга кыскартууга жол берилери айтылат.
Мындан тышкары, ведомство 1.4-тиркемеге шилтеме берген, ага ылайык, имараттын терезе оюктары жок дубалы менен өрткө каршы дубалдын ортосундагы аралык ченемделбейт.

Калган суроолор боюнча Назаровго ГАСКтын Ош аймактык башкармалыгына кайрылуу сунушталган.
Бирок бул жерде дароо бир нече суроо туулат.
Биринчиден, эгерде белгилүү бир өрткө каршы аралыкты жарымына чейин кыскартууга жол берилсе, бул чектеш каалаган имараттардын ортосунда бир метр гана калтырууга болот дегенди билдирбейт. Баштапкы ченемдик аралыкты аныктап, аны кыскартуу үчүн бардык шарттар аткарылган-аткарылбаганын текшерүү зарыл.
Экинчиден, терезеси жок дубал менен өрткө каршы дубал — бир эле нерсе эмес. Өрткө каршы дубал, же брандмауэр — өрттүн жайылышына жол бербөө үчүн арналган атайын конструкция болуп саналат.

Жөнөкөй жеке үйдүн дубалында терезе жок болгону үчүн эле ал брандмауэр болуп калбайт. ӨКМ шилтеме жасап жаткан ченемди колдонуу үчүн ошол конкреттүү дубал белгиленген талаптарга жооп берерин тастыктоо зарыл.
Назаровдун бир кабаттуу үйү мындай өрткө каршы дубал менен долбоорлонгон беле? ӨКМ муну текшердиби? Ведомство кайсы документтердин негизинде өздөрү келтирген жоболор так ушул эки имаратка тиешелүү деп чечти?
Жарыяланган жоопто мындай түшүндүрмөлөр жок.
Үчүнчүдөн, өрткө каршы аралыкты кыскартууга уруксат берилген күндө да, бул турак жайлардын жарык көрүүсүнө жана сейсмикалык коопсуздугуна коюлган талаптарды жокко чыгарбайт.
Ош сейсмикалык кооптуу аймакта жайгашкан. Жер титирөө учурунда чектеш имараттар ар башкача кыймылдашы мүмкүн, өзгөчө кеп бир кабаттуу үй менен беш кабаттуу имарат жөнүндө болуп жатса. Ошондуктан долбоор алардын бири-бирине тийгизүүчү таасирин эске алышы керек.
Болжол менен бир метрдей аралык канчалык коопсуз? Долбоордо зарыл болгон сейсмикалык тигиш (шов) каралганбы? Эки имараттын тең бийиктиги жана конструкциялары эске алынып, кандай эсептөөлөр жүргүзүлгөн?
Жусубалиев шилтеме кылган «Шаарларды жана шаар тибиндеги калктуу конуштарды пландаштыруу жана куруу» курулуш ченемдеринин 1.3-тиркемесинде «терезе оюктары жок дубалдары бар имараттардын жана курулмалардын ортосундагы аралыкты 50 пайызга кыскартууга жол берилет» дегенден кийинки сүйлөм мындайча уланат:
«Сейсмикалуулугу 9 балл болгон райондордо турак имараттардын ортосундагы, ошондой эле турак жана IV, V отко туруктуулук даражасындагы коомдук имараттардын ортосундагы аралыкты 20%га көбөйтүү зарыл».
Бул суроолорго долбоордук документтер жана тармактык адистердин корутундусу гана жооп бере алат. Өрткө каршы аралыкты кыскартуу мүмкүнчүлүгүнө бир гана шилтеме жасоо бул жерде таптакыр жетишсиз.
Акырында, кошуна жер тилкесинин чегинен канча аралык калтыруу керектиги боюнча суроо калууда. Куруучу өз аймагынан чыкпаган күндө да, бул имарат бардык шаар куруу талаптарын сактоо менен жайгаштырылган дегенди далилдебейт.
Бул үчүн шаар куруу документтерин, имараттын иш жүзүндөгү абалын жана колдонулуучу ченемдерди текшерүү зарыл.
Жыйынтыгында, Назаров бир кабаттуу үйүнүн жанындагы беш кабаттуу курулуштун коопсуздугун баалоону өтүнсө, ӨКМ өрткө каршы аралыктар боюнча айрым гана жоболорду келтирип, аны башка ведомствого жөнөтүп коюуда.
Бирок өрт коопсуздугу — маселенин бир гана жагы. Оштун сейсмикалуулугу, жаңы курулуштун бийиктиги жана кошуна үйдөгү жашоо шарты мындай «ары түртүүдөн» улам эч жакка жоголуп кетпейт.
Кимдерди гана кызматка алышпайт…
Ош шаардык мэриясынын жана прокуратурасынын жооптору өзгөчө көңүл бурууга арзыйт.
Түштүк калаанын мэриясына караштуу Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Б. Абдувалиев Назаровго: «Курулуп жаткан көп батирлүү турак үй социалдык объекттерге кирбейт, андыктан тиешелүү органдарга кайрылууну сунуштайбыз», — деп билдирген. Болду, ушуну менен бүттү.

Кечиресиздер, бирок бул жерде социалдык объекттердин кандай тиешеси бар?
Назаров жаңы курулушту мектептерди, бала бакчаларды же ооруканаларды куруу программасына киргизүүнү суранган эмес. Ал эмне үчүн анын бир кабаттуу үйүнүн жанына беш кабаттуу имарат тургузулганын жана мындай аралыктын тууралыгын ким текшергенин сураган.
Эгерде маселе Капиталдык курулуш башкармалыгынын ыйгарым укуктарына кирбесе, арыз ээсине так кайсы мекеме текшерүү жүргүзүүгө милдеттүү экенин түшүндүрүп берүү керек эле. Объекттин «социалдык эмес» экендиги тууралуу жооп жаранды көйгөйдү чечүүгө эч жакындатпайт.
Ошол эле учурда Reporter.kg редакциясы бир нече жума бою Ош мэриясынын басма сөз кызматына ведомстволор аралык текшерүү уюштуруп, имараттардын ортосундагы аралыкты өлчөп берүү өтүнүчү менен кайрылып келген. Журналисттин айтымында, басма сөз кызматынын өкүлү Амангелди Атазаков мындай текшерүү сөзсүз жүргүзүлөт деп ишендирген.
Мына эми мэрия жооп жиберди.
Анда Минкурулушка караштуу шаардык ГАСК башкармалыгы Моминов көчөсү, 1 дарегинде курулуп жаткан беш кабаттуу кеңсе имаратын кайрадан текшергени айтылат.
Текшерүү курулуш ченемдеринин жана техникалык коопсуздук талаптарынын бузулганын аныктаган: жогорку кабаттарда коргоочу тосмолор болгон эмес. Буга чейин куруучуга кемчиликтерди четтетүү талабы менен эскертүүлөр берилген экен.
Бирок 25-августтагы кайра текшерүү эскертүүлөргө карабастан, курулуш иштери улана бергенин көрсөткөн.
Мэриянын билдирүүсү боюнча, «ТЕСО» ЖЧКсына 200 миң сом айып салынып, курулуш иштери убактылуу токтотулган. Эгерде мыйзам бузуулар жоюлбаса, ведомство компаниянын лицензиясын жокко чыгаруу боюнча чараларды көрүшү мүмкүн.
Акыры конкреттүү аракеттер пайда болгондой көрүнгөн: кайра текшерүү, ири айып пул, иштерди токтотуу. Бирок убада кылынган өлчөөлөр кана?
Мэриянын жообунда беш кабаттуу имарат менен Назаровдун бир кабаттуу үйүнүн ортосундагы аралык жөнүндө дагы бир да сөз жок. Долбоордо канча метр каралганы, иш жүзүндө канча болгону жана имараттардын мындай жайгашуусу кайсы ченем менен негизделгени көрсөтүлгөн эмес.
Дагы бир суроо жаралууда: эмне үчүн Капиталдык курулуш башкармалыгынын жообунда объект «көп батирлүү турак үй» деп аталса, мэриянын басма сөз кызматынын билдирүүсүндө «беш кабаттуу кеңсе имараты» деп көрсөтүлгөн?
Бул жөн гана сөздөрдүн айырмасы эмес. Объекттин багыты колдонулуучу курулуш талаптарын аныктоодо чоң мааниге ээ. Ошондо Моминов көчөсү, 1 дарегинде «ТЕСО» ЖЧКсы так эмнени куруп жатат жана бекитилген долбоордо имараттын багыты кандай деп көрсөтүлгөн?
Эми Ош шаардык прокуратурасы жөнүндө.
Шаар прокурорунун орун басары З. Тойчубаев Назаровго куруучуда бардык керектүү архитектуралык-шаар куруу документтери, макулдашылган долбоор, өрт-техникалык жана мамлекеттик экспертизалардын оң корутундулары бар экенин билдирген.
Мындан тышкары, объект Курулуп жаткан объекттердин реестрине расмий түрдө катталган.
Прокуратуранын маалыматы боюнча, курулуш учурунда коопсуздук талаптарынын айрым бузулушу аныкталган. ГАСК актыларды түзүп, эскертүүлөрдү берип, айып пул салган жана коопсуздукту камсыздоо боюнча чараларды көргөн.

Ошол эле учурда прокуратуранын жообунда мыйзам бузуулар «анча чоң эмес» (олуттуу эмес) деп аталган.
Прокурордун орун басарынын негизги тыянагы: беш кабаттуу административдик имараттын курулушунун мыйзамсыздыгы тууралуу жүйөлөр тастыкталган жок.
Бирок кечиресиздер, объекттин реестрде катталгандыгын эч ким талашкан эмес да. Назаров беш кабаттуу имарат анын бир кабаттуу үйүнөн болжол менен бир метрдей аралыкта кантип пайда болуп калганын жана мындай жайгашуу курулуш ченемдерине дал келер-келбесин билүүгө аракет кылып жатат.
Макулдашылган долбоордун жана экспертизанын оң корутундусунун болушу — маанилүү жагдайлар. Бирок алар долбоордо так кандай аралыктар каралган, алар жеринде сакталганбы жана макулдашуунун негизине кайсы эсептөөлөр алынган деген суроолорго жооп боло албайт.
Анын үстүнө, эгерде долбоордо чындыгында эле болжол менен бир метрдей аралык каралган болсо, мындай чечим кайсы конкреттүү ченемдердин негизинде жол берилген деп табылганын түшүндүрүү зарыл.
Анан да, прокуратура кайсы мыйзам бузууларды «олуттуу эмес» деп эсептеди? Куруучуга 200 миң сом айып салынып, курулуш иштери токтотулган эреже бузуулардыбы? Же кеп коргоочу тосмолордун жоктугуна байланышпаган башка мыйзам бузуулар жөнүндө болуп жатабы?
Өзүнчө бир суроо — прокуратура имараттардын ортосундагы аралыкка, жарык көрүүгө (инсоляцияга) жана сейсмикалык коопсуздукка коюлган талаптардын сакталышын текшердиби же куруучу тарабынан берилген уруксат документтерин окуп чыгуу менен гана чектелдиби?
Анткени экспертизанын оң корутундусу, эгерде жаран өзүнүн укуктарынын бузулушу жана турак жайынын коопсуздугуна коркунуч бар экенин көрсөтүп жатса, анын конкреттүү арызын териштирүү милдетинен бошотпойт.
Мэриянын жана прокуратуранын жоопторунда документтер, текшерүүлөр, айып пулдар жана эскертүүлөр жөнүндө маалыматтар бар. Бирок эң башкысы — өлчөөлөрдүн жыйынтыктары жана беш кабаттуу имарат эмне үчүн бир кабаттуу үйдөн болжол менен бир метрдей аралыкта жайгаша алары тууралуу түшүнүктүү түшүндүрмө жок.
Тренддеги «шедевр»
Бирок баарынан көп суроону дал ошол курулушту текшерген, мыйзам бузууларды аныктап, куруучуга айып пул салган Ош шаардык ГАСК башкармалыгынын расмий жообу жаратты.
Назаров текшерүүчүлөр так эмнени аныктаганын, кандай чараларды көргөнүн жана тургузулган имарат канчалык коопсуз экенин түшүнүүгө мүмкүндүк берүүчү документтерди берүүнү өтүнгөн.
Тактап айтканда, ал төмөнкүлөрдү талап кылган:
- Шаардык прокуратуранын тапшырмасынын негизинде жүргүзүлгөн жерине чыгып текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Ош шаардык ГАСК башкармалыгынын 2026-жылдын 28-августундагы кайра текшерүү актысынын жана эскертүүсүнүн көчүрмөсүн.
- Объекттеги курулуш-монтаждоо иштерин токтотуу жөнүндө расмий буйруктун же тескеменин көчүрмөсүн.
- Аспаптык өлчөөлөрдүн актыларынын — курулуп жаткан имараттын окторунан тартып жер тилкесинин чек араларына жана жеке үйдүн конструкциялык элементтерине чейинки иш жүзүндөгү аралыктардын геодезиялык аткаруу тартуусунун (съемкасынын) көчүрмөлөрүн.
- «ТЕСО» ЖЧК куруучусунун Моминов көчөсү, 1 дарегиндеги объекти боюнча бетон жумуштарынын журналынын көчүрмөсүн.
- Курулган бардык кабаттар боюнча 7 жана 28 күндүк мөөнөттө бетондун кысылууга туруктуулугу боюнча текшерүү үлгүлөрүнүн лабораториялык сыноолорунун натыйжаларынын жана бетон аралашмасынын сапатынын паспортторунун көчүрмөлөрүн.
Көңүл буруңуздар: Назаров ГАСК кызматкерлеринин жеке жашоосу тууралуу маалыматты же курулуш компаниясынын жетекчисинин паспорттук маалыматтарын сураган жок. Аны мамлекеттик текшерүүлөрдүн актылары, эскертүүлөр, ченөөлөрдүн жыйынтыктары жана курулуш иштеринин сапаты менен байланышкан документтер кызыктырат.
Ал эми профилдик мекеме эмне деп жооп берди?

Ош шаардык ГАСК башкармалыгы КР Санариптик кодекси менен корголгон жеке мүнөздөгү маалыматтарга таянып, суралган материалдарды берүүдөн баш тартты.
Сураганга да уяласың: имараттардын ортосундагы аралыкты өлчөөнүн жыйынтыктарын берүүгө кандай жеке маалыматтар тоскоол болмок эле? Арыз ээсин анын арызынан кийин жүргүзүлгөн текшерүүнүн актысы менен тааныштырууга эмне үчүн болбойт? Жана бетон аралашмасынын сапаты тууралуу маалымат кантип эле жарандардын жеке турмушу жөнүндөгү маалыматка айланып кетти?
Албетте, айрым документтерде фамилиялар, кол тамгалар, байланыш маалыматтары жана мыйзам тарабынан жеткиликтүүлүгү чектелген башка маалыматтар камтылышы мүмкүн. Бирок мындай маалыматтардын бар экендиги эле бүтүндөй документ автоматтык түрдө купуя (жабык) болуп калат дегенди билдирбейт.
Кырдаалды тактоо үчүн Reporter.kg Министрлер кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке түшүндүрмө алуу үчүн кайрылды. Агенттикте төмөнкүлөрдү түшүндүрүштү:
«КР Санариптик кодексине ылайык, жеке маалыматтар — бул жеке адамды түз же кыйыр түрдө аныктоого мүмкүндүк берген жеке мүнөздөгү маалыматтарды камтыган санариптик маалыматтар. Суралып жаткан документтердин көчүрмөлөрүнө келсек, документтин аталышы жана түрү өзү эле анда жеке маалыматтардын бар же жок экенин так аныктоого жол бербей тургандыгын билдиребиз. Ошол эле учурда, эгерде документте жеке маалыматтар бар болсо, алар жеке адамды түз же кыйыр аныктоо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаргандай талаптагыдай жашырылгандан (ээсиздендирилгенден) кийин, жеткиликтүүлүгү мыйзам тарабынан чектелбеген калган маалыматтарды сактоо менен берилиши мүмкүн экендигин белгилейбиз».
Жөнөкөй тил менен айтканда, эгерде документте жеке маалыматтар болсо, мыйзам менен чектелбеген калган маалыматтарды сактап калуу менен аларды жаап (өчүрүп) коюуга болот. Тиешелүү агенттик так ушундай ыкманы сыпаттап берди.
Эгерде ГАСК айрым маалыматтар ачыкка чыгарылбашы керек деп эсептесе, мекеме так кайсы маалыматтар мыйзам менен корголгонун жана эмне үчүн документтин калган бөлүгүн берүүгө мүмкүн эместигин көрсөтүшү керек. Өзгөчө бул Назаровдун арыздарына түздөн-түз байланыштуу болгон мамлекеттик текшерүүлөрдүн жыйынтыктарына, эскертүүлөргө жана өлчөөлөргө тиешелүү.
Ал курулуш бекитилген долбоорго дал келер-келбесин, имараттардын ортосундагы аралык текшерилген-текшерилбегенин, кандай мыйзам бузуулар аныкталганын жана алар жоюлган-жоюлбаганын билүүгө аракет кылып жатат. Ал эми документтердин ордуна жеке маалыматтарды коргоого шилтемени алууда.
Акыр аягында, арыз ээси куруучу менен ушул таң калычтуу документке кол койгон чиновниктин сүйүктүү чайканасындагы тандыр самсасынын фирмалык рецебин сураган жок да. Ал өзүнүн айтымында, үйүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна коркунуч туудуруп жаткан курулушту текшерүүнүн жыйынтыктарын көрсөтүүнү гана талап кылууда.
Кулак да түрүшпөйт
Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров чиновниктерге өз милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаруу жана жарандардын кайрылууларына кайдыгер карабай жооп берүү зарылдыгын бир нече ирет эскерткен.

Атап айтканда, 30-июнда Чолпон-Атада өткөн жалпы республикалык кеңешмеде мамлекет башчысы жергиликтүү администрациялардын жетекчилерин бюрократия, курулай жооп кайтаруу (отписка) жана чечим кабыл алуудан качуусу үчүн кескин сынга алган.
Ал мамлекеттик система жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп бериши керектигин, ал эми жоопкерчиликти алуудан корккондор өз орундарын иштөөгө даяр кадрларга бошотуп бериши зарылдыгын баса белгилеген.
Улугбек Назаровдун окуясы карапайым жарандын чиновниктердин кабинеттерине жасаган кадимки кайрылуусу көйгөйдү чечүүдөн канчалык алыс болорун даана көрсөтүп турат.
ӨКМ өрткө каршы аралыкты кыскартуу боюнча ченемдерге шилтеме берет, бирок алардын бул конкреттүү имараттарга колдонулар-колдонулбасын түшүндүрбөйт.
Ош шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы жаңы курулуш «социалдык объекттерге кирбейт» деп кутулат.
Түштүк борбордун муниципалитетинин басма сөз кызматы кайра текшерүү, 200 миң сомдук айып пул жана иштердин токтотулушу жөнүндө сайрайт, бирок имараттардын ортосундагы аралыкты өлчөөнүн натыйжаларын келтирбейт, ал эми курулуш болсо жүрүп жатат.
Прокуратура уруксат берүүчү документтердин жана экспертизалардын оң корутундуларынын бар экенин тастыктайт, бирок бир кабаттуу үйдөн болжол менен бир метр аралыкта беш кабаттуу имаратты жайгаштырууга кайсы эсептөөлөр жол берерин түшүндүрбөйт.
Ал эми Назаров текшерүүлөрдүн, өлчөөлөрдүн жыйынтыктары жана курулуш иштеринин сапаты тууралуу маалымат сурап кайрылган ГАСК болсо Санариптик кодекске таянып, документтерди берүүдөн баш тартат.
Жыйынтыгында, бир эле учурда бир нече мамлекеттик органга кайрылган адам негизги суроого: эмне үчүн анын бир кабаттуу үйүнүн дубалынан болжол менен бир метрдей аралыкта беш кабаттуу имарат курууга уруксат берилген жана мындай жайгашуунун коопсуздугун ким тастыктаган деген суроого ошол бойдон жооп ала алган жок.
Жооп алуу үчүн берилген уруксат кагаздары менен салынган айып пулдарды тизмектеген кезектеги каттар эмес, жерине чыгып текшерүү, аспаптык өлчөөлөр, бекитилген долбоорду дыкат изилдөө жана конкреттүү курулуш ченемдерине таянган корутунду керек.
Ошондой эле курулуш Назаровдун үйүнүн жарык көрүүсүнө кандай таасир эткенин, сейсмикалык жана өрт коопсуздугунун талаптары сакталган-сакталбаганын жана куруучу буга чейин жоопкерчиликке тартылган мыйзам бузуулар чындап жоюлган-жоюлбаганын аныктоо зарыл.
Оштун чиновниктери өздөрүнүн кандайдыр бир эрежелери менен гана жашап жаткандай таасир калтырат. Алар же Садыр Нургожоевичтин айткандарын уккан эмес, же угуп, бирок түшүнгөн эмес. Же болбосо угуп, түшүнүп, бирок маани бербей (көзгө илбей) коюшкан.
Анара Мамытова