Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Ысык-Көл облусунда 41 миңден ашык суур катталды
10.07.2026 | 10:14

Ысык-Көл облусунда суурлардын санын эсептөө иштери аяктады. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, аймакта 41 миң 286 суур катталганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, эсептөө иштери ведомствонун Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан уюштурулган. Адистер бекитилген маршруттар боюнча талаа байкоолорун жүргүзүп, жаныбарлардын саны жана алардын жашоо чөйрөсүнүн абалы тууралуу маалыматтарды топтошту.


Мекемеден белгилешкендей, эсептөө иштери Жаратылыш ресурстары министрлигинин буйругу менен бекитилген жаныбарлар дүйнөсүнүн объектилеринин санын эсептөө боюнча нускамага ылайык аткарылды.
Буга чейин суурлардын санын эсептөө иштери Жалал-Абад облусунда жүргүзүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом