Дүйнөлүк кино жылдызы Жеки Чан Алматыга келди — кененирээк

10.07.2026 | 11:01
Дүйнөлүк кино жылдызы Жеки Чан Алматыга келди — кененирээк — Новости Кыргызстана

Алматыда башкы ролду дүйнөлүк кино жылдызы Жеки Чан ойногон «Кудайдын сооту: Ультиматум» (Armour of God: Ultimatum) аттуу эл аралык көркөм тасмасынын тартуу иштери башталды. Долбоордун расмий ачылыш аземи Казакстандын бийлик өкүлдөрүнүн жана эл аралык киноиндустриянын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.

Reporter.kg басылмасынын булактарынын маалыматы боюнча, долбоорго Кыргызстандан келген актерлор да катышат. Алардын ысымдары азырынча ачыктала элек, бирок маалыматка ылайык, кастинг-директорлор экшн-сахналарына (төбөлөш, куугун сыяктуу көрүнүштөр) тартылуу үчүн бир нече аткаруучуну бекитишти.

Тартуу иштери 2026-жылдын октябрына чейин созулат. Алар Алматы шаарында, ошондой эле Казакстандын Алматы жана Маңгыстау облустарында өткөрүлөт.

Тасманын дүйнөлүк премьерасы 2027-жылдын февраль айына пландалган.

Scroll to Top