Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Базар-Коргон – Арстанбап унаа жолунун 10 чакырымына асфальт төшөлөт
13.05.2026 | 12:24

Базар-Коргон – Арстанбап унаа жолунун 23-33-чакырым аралыгы оңдоо иштери жүрүүдө. Учурда аталган тилкеде эски асфальтты сыйруу иштери аяктап, жолдун негизин даярдоо үчүн шагыл төшөө жана тегиздөө жумуштары жүрүүдө.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча, жакын арада жаңы асфальт бетон катмарын төшөө иштери башталат.
Мекеме аймактагы туруксуз аба ырайы жана жаан-чачын жумуштун жүрүшүнө таасирин тийгизип жатканын билдирип, айдоочуларды жаралган убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом