Төрт жыл ичинде 48 миңден ашуун үй-бүлө мамлекет менен социалдык келишим түзгөн

Кыргызстанда «Социалдык келишим» программасы ишке ашырыла баштагандан бери 48 миңден ашуун үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматында, долбоордун натыйжасында 57 миңден ашуун жумуш орду ачылып, 228 миңден ашуун жаран жашоо шартын жакшыртууга мүмкүнчүлүк алды.
Социалдык келишим — бул аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен мамлекеттин ортосундагы келишим болуп саналат. Анын алкагында жеке ишкердикти баштоо же өнүктүрүү үчүн 150 миң сом өлчөмүндө кайтарымсыз каражат берилет. Программа 2022-жылдан тарта ишке ашырылып келет.
Жардамдын көлөмү 2025-жылы 100 миң сомдон 150 миң сомго чейин көбөйтүлгөн. Долбоорго катышуу үчүн төмөнкү шарттар талап кылынат:
- эмгек жана мүлктүк потенциалдын болушу;
- үй-бүлөнүн жакыр же аз камсыз болгон статусун тастыктаган документтин болушу;
- үй-бүлөнүн социалдык контракт программасына катышууга ыктыярдуу макулдугу;
- бизнес-пландын болушу;
Министрлик социалдык контракт түзүү «Калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жөнүндө» мыйзамдын 12¹-беренесине ылайык ыктыярдуу негизде ишке ашырыларын билдирди. Программаны тариздөөдө мажбурлоо же башка мыйзам бузуулар аныкталган учурда жарандар министрликке кайрыла алышат.