Базар-Коргон жана Сузакта 705 млн сомго колония курулуп жатат

Базар-Коргон жана Сузакта 705 млн сомго колония курулуп жатат

Базар-Коргон районунун Бай-Мундуз айылында 10-колониянын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу 23-октябрда Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматында ведомствонун 9 ай ичиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган кенешмеде ЖАКтын төрагасы, генерал-майор Аскат Эгембердиев билдирди.

Анын айтымында, аталган кызматтын төрт объектисин Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Каракол шаарларынан сырткары көчүрүүнүн алкагында Базар-Коргондун Бай-Мундуз айылындагы 10-мекеменин курулушу жүрүп жатат.

Тактап айтканда: 5 жатакана, АИЗО, откана, медициналык санитардык бөлүк, административдик имарат, спорт зал, өндүрүштүк жай, Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен алып жүрүү боюнча Департаменти үчүн имараттар курулуп алгылыктуу иштер жүрүп жаткандыгын кабарлады.

Ошондой эле, Сузак районунун Таш-Булак айылында ТИЗО-53 куруу иштери улантылууда. Бул эки объектке тең мамлекеттик бюджеттен 705 млн.сом сарпталган. Мындан тышкары, баш калаадагы ТИЗО-1ди шаар сыртына көчүрүү үчүн президенттин фондунан 26 млн. 300 миң сом бөлүнгөн. Андан тышкары Чүй облусунун Нижний Нооруз айылындагы (СИЗО-50 аймагында) 2000 орундуу жаңы тергөө абагына сметалык долбоорлоо документин иштеп чыгуу сунушталганын билдирди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>