Башка бирөө сиздин атыңыздан кредит алганын кантип билсе болот? Улуттук банк түшүндүрөтКыргызстанда куткаруучулар жөнүндө көркөм сериал тартыла баштадыКурумду чокусунун санариптик картасын ыктыярчылар түзүштү — видеоАкын Аскат Жетиген эркиндикке чыктыКөчмөндөр оюндарына даярдык: 22-августта Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылатКыргызстанда санкция тобокелдигинен улам 19 компания мажбур менен жабылышы мүмкүн
Дүйнө чемпионаты (U-23): Бүгүн Тайырбек Жумашбек уулу коло үчүн күрөшөт
24.10.2023 | 09:00
Эркин күрөш боюнча балбан Тайырбек Жумашбек уулу 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт.
Мелдеш Албаниянын Тирана шаарында 23-октябрда башталган.
Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) таймашты 1/8 финалдан баштап, алгачкы атаандашы украиналык Андрей Джелеп болмок. Бирок ал беттешке чыкпагандыктан, жеңиш Тайырбек Жумашбек уулуна ыйгарылып, ал чейрек финалга чыккан.
Чейрек финалда кыргызстандык спортчу азербайжандык Жейхун Аллахвердиев менен күч сынашып, аны 8:5 эсебинде жеңген.
Ал эми жарым финалда Тайырбек Жумашбек уулу казакстандык Асылжан Есенгелды менен күрөшүп, тилекке каршы ага 7:9 эсебинде жеңилген.
Эми ал кол байге үчүн ат салышат. Үчүнчү орун үчүн беттеш бүгүн, 24-октябрда болуп өтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз