Базар-Коргондо башталгыч класстар үчүн жаңы мектеп курулду

Базар-Коргондо башталгыч класстар үчүн жаңы мектеп курулду

Базар-Коргон районунун Сейдикум айыл аймагынын Дүкүр айылында башталгыч класстар үчүн  жаңы мектеп салынды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ачылыш аземге Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Алтынбеков катышты.

“Мектеп имаратына болгон тартыштыкты жоюу максатында жергиликтүүлөрдөн бир нече ирет кайрылуу болгон. Айылдыктардын демилгесин колдоого алып, демөөрчүлүк аркылуу жаркыраган имаратты ашар жолунда бүтүрүп алдык. Билим уясынан өлкөнүн керегине жараган, ата-журтун коргогон мыкты уул-кыздар билим алып чыгарына тилектишмин,”- деди депутат.

Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев да катышып, эл өкүлүнүн аймактын социалдык көйгөгөйлөрүн чечүүдөгү аракеттерин белгилеп, ыраазычылык билдирди.

Кошумча имараттын курулушу 2022-жылдын апрель айында башталып, 90 орундуу жаңы имараттын курулушуна депутат Айбек Алтынбеков демөөрчүлүк кылган. Мындан сырткары жаңы имаратты керектүү эмеректер менен да камсыздаган.

Ошондой эле депутат райондун Турпак-Коргон айылындагы футбол аянтчасынын ачылышына да катышты.

Депутат жаш муундарды сергек жашоого үндөөгө жакшы шарт түзүлгөнүн айтып, бул аракеттер аймактарды өнүктүрүүгө салым кошот деп белгиледи.

Спорт аянтча 2,4 млн сомго курулуп, ага жергиликтүү бийлик, демөөрчүлөр жана айылдыктар салым кошкон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>