Asman Airlines биринчи масштабдуу Open Day иш-чарасын өткөрдү: 100 орунга 2500 арыз түштүКаржы министрлиги ата-энелерден 2,5 млрд сом чогултулганы тууралуу маалыматты четке кактыФутбол: Бишкекте Кыргызстан менен Ливандын курама командаларынын беттеши өтөтТЭН жана инвесторлор болсо, метро курууга даярбыз — Бишкек шаарынын мэриАгартуу министрлиги Бишкекте кайсы бала бакчаларда бош орундар бар экенин маалымдадыИИМ: Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы коррупцияга шектелип кармалды
Нарында кыргыз шырдагы туристтерге 400 миң сомго сатылды
29.06.2023 | 09:05
Нарында «Кыргыз шырдагы» XIII эл аралык фестивалында кыргыз шырдагы 400 мин сомго сатылды. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгү билдирди.
Фестивалга Япония, Өзбекстан, Казакстан мамлекеттеринин элчилери, бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан. Иш-чарага 1000ден ашык адам келген болсо, алардын 170и чет элдик туристтер.
“Нарын районунун чебер уздарынын колунан жаралган кооз шырдакты Казакстандан келген коноктор 400 миң сомго сатып алды. Мындан сырткары, көптөгөн шырдактар, кол өнөрчүлүк көргөзмөсүнө коюлган буюмдар сатылып, кардарларын тапты”, – деп билдирет өкүлчүлүк.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом