Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Базар-Коргондо Каба айылына суу берүү үчүн каналдын 3,3 чакырымы тазаланды
12.08.2026 | 11:10

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Каба айылында Шабдан-Арык каналы тазалангандан кийин сугат суусун берүү калыбына келтирилди. Бул тууралуу КР президентинин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин жергиликтүү тургундар айылды сугат суу менен камсыздоо маселесин президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев менен болгон жолугушууда көтөрүшкөн.
Райондук суу чарба башкармалыгынын адистери каналдын 3,3 чакырымын механикалык тазалоодон өткөрүштү. Жумуштар аяктагандан кийин Шабдан-Арык аркылуу Каба айылына суу келе баштады.

Мекемеден белгилешкендей, тургундарды сугат суу менен камсыздоо маселеси узак убакыттан бери көтөрүлүп келген.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом