Ош облусунда жер көчкү активдешип, 11 адам эвакуацияландыКочкор бекетинен Бишкек ЖЭБине алгачкы жолу көмүр жөнөтүлөтСадыр Жапаров Сүлүктүдөгү таза суу жана жол маселелерин чечүүнү убада кылдыНепродовольственных товаров в Кыргызстане продали больше, чем продуктов питанияКыргызстандагы «Яндекс» кызматынын үзгүлтүккө учурашы бийлик үчүн сабак болушу керек — Дастан БекешевСадыр Жапаровго Лейлек району менен Сүлүктү шаарынын өнүгүү жыйынтыктары тааныштырылды
Быйыл Кыргызстанда органикалык айыл чарбага 101 миң гектардан ашык жер тартылды
12.08.2026 | 11:00

Быйыл Кыргызстанда органикалык айыл чарбасына тартылган жалпы жер аянты 101 миң 358,21 гектарды түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, республика боюнча 11 кооператив эл аралык стандарттарга ылайык продукция өндүрүүдө. Алар 11 миң 392 гектар аянтта пахта, дары чөптөр, өрүк, төө буурчак жана жаңгак сыяктуу түшүмдөрдү өстүрүп, кайра иштетишет.
Ошондой эле 37 аймакта PGS (катышуучулук кепилдик системасы) киргизилип, анда 85 миң 257,04 гектар жерде жашылча-жемиш өндүрүлөт. Мындан тышкары, облустарда жалпы аянты 4 миң 709,17 гектарды түзгөн пилоттук жеке чарбалар уюштурулуп, аларга сертификация талаптары боюнча окутуулар өткөрүлүп жатканы айтылды.
Теги: Айыл чарба