Үч-Коргон ГЭСин жаңыртуу иштери быйыл аяктайт

12.08.2026 | 11:24
Үч-Коргон ГЭСин жаңыртуу иштери быйыл аяктайт — Новости Кыргызстана

Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштери 2026-жылы аяктайт. Учурда станциянын жабдууларын жаңыртуу жана кубаттуулугун жогорулатуу иштери уланууда. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, иштер аяктагандан кийин ГЭСтин кубаттуулугу 198 МВттан 216 МВтка чейин жетип, 18 МВтка жогорулайт.

ГЭСти реконструкциялоо иштери 2024-жылы башталган. Долбоордун алкагында №3 жана №4 гидроагрегаттар жаңыртылып, алардын кубаттуулугу 18 МВтка (ар бири 9 МВттан) көбөйтүлгөн. №1 жана №2 агрегаттардагы иштер бүткөндөн кийин станциянын бардык төрт гидроагрегаты толугу менен жаңыланат.

Маалымат үчүн: Үч-Коргон ГЭСи Жалал-Абад облусунда, Нарын дарыясында жайгашкан. Станция 1961–1962-жылдары пайдаланууга берилген. Бул реконструкция станция иштеп баштагандан берки алгачкы модернизация болуп саналат.

Scroll to Top