Дан эгиндеринин түшүмү 25,8 пайызга аз болду

Дан эгиндеринин түшүмү 25,8 пайызга аз болду

Октябрь айынын аягына карата 579,5 миң гектардан дан эгиндери жыйналып алынды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка караганда, жалпы түшүм былтыркы жылга салыштырмалуу аз.

Үстүбүздөгү жылдын жай айларындагы күндүн ысыгынан улам буудайдын дүң жыйымы – 25,8%, арпанын жыйымы – 29,5 % кыскарды.

Дан буурчак, май өсүмдүктөрүнүн жана пахтанын жыйналуучу аянттары азайды. Алсак, үстүбүздөгү жылдын 23-октябрына карата 52,9 миң гектар аянттан дан буурчак өсүмдүктөрү жыйналды, бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө карата 7,4% аз, май өсүмдүктөрү 14,7 миң гектар аянттан жыйналды, же 17,2% аз, ал эми пахта -17,5 миң гектар аянттан жыйналды, же 9,4% аз болду.

Муну менен катар, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу кант кызылчасынын дүң жыйымынын 46,5%, тамеки 18,6%, дан жүгөрү 6,7%, жашылча өсүмдүктөрүнүн 4,6% жана бакча өсүмдүктөрү 3,6% олуттуу көбөйүшү белгиленди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>