Бажы кызматы 9 млн сомдук аткезчилик товарды аныкташты

28.10.2021 | 16:17

Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери жалпы баасы 9 миллион сомдон ашык товарлардын так эмес декларациялоо фактысын аныкташкан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

«Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы салмагы 19 тонна 238 кг болгон жол баштыктар, байпак буюмдары, бекиткичтер жана сыдырмалардын туура эмес декларацияланган фактысы аныкталды. «Д.Г.Ю» ЖЧКсынын дарегине 9 миллион 284 миң 294 сомдук товар келип түшкөн», – деп белгилешти башкармалык.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында төлөнүүчү төлөмдөрдүн алдын ала суммасы 1 миллион 957 миң 658 сомду түздү.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин маалымат журналында катталган.

[image_carousel source=”media: 106251,106252,106253″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Scroll to Top