Депутаттыкка талапкер Бердибек Чынтемировго иш козголду

Депутаттыкка талапкер Бердибек Чынтемировго иш козголду

Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Бердибек Чынтемировду Чүй облусунун Аламүдүн райондук милициясы алдамчылык беренеси менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады. Бул туурасында Чүй облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын июнь айында Н.Н. кайрылган. Ушул тапта иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ал эми Reporter.kg′ ге жабыр тарткандар да кайрылган, алардын эсебинде үч кишиден 7 гектар 10 сотых жер тилкесин алдап алган.

Жабыр тартуучу Динары Акматалиеванын айтуусунда 2.8 гектар жерин 1998-жылы ижарага сурап алып, 2015-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынан кокусунан билип калып, 2010-жылы эле жер башка бирөөнүн наамында өтүп кеткен. Чынтемировго кайрылганда, “колуңан эч нерсе келбейт, билген талканыңды чалып ал” деген жообун берген. Ошондон бери райондук сот, облсот да анын пайдасына чечип берип, Жогорку Сотко кайрылышкан, ал дагы кайра райондук сотко жөнөткөн. 25-октябрь күнү Аламүдүн райондук сотуна келбей койгон.

Андан тышкары дагы бир жабырлануучу Нурпайыз Назаровдун дагы 4,30 гектар жерин да алдап кеткен. Анын айтуусуна караганда, 1990-жылдары ижарага алып, жеринен ажырап калган. Көрсө, кайсы бир паспорттогу маалыматтарды ойлоп таап, каза болгон бир тууган агасынан сатып алды кылып документтерди жасаган.

Ал эми Бердибек Чынтемиров Аламүдүн районунун Лебединовка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турган кезинде алдамчылыкка барган деп шектелүүдө. Ушул тапта 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого өзүн-өзү көрсөтүү тартиби менен депутатыкка талапкер катары Аламүдүн округунан чыгууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>