Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
ТИМ: Индияда өлтүрүлгөн кыздын сөөгү Кыргызстанга алынып келет
23.09.2021 | 10:27
Индияда каза тапкан кыргыз кызын жана уулунун сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө камданып жатат. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирген.
Маалыматка караганда, каргашалуу окуя маркумдун досунун батиринде болгон. Кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертизалар жүргүзүлгөн.
Кылмышка шектүүлөр кармалып, Нью-Дели полициясы тарабынан суракка алынып жатыптыр.
22-сентябрь күнү жергилктүү маалымат агенттиктери кыргызстандык жаран наристеси менен кошо мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн жазып чыгышкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар