Кытайдагы Бээжин тил жана маданият университетинде Чыңгыз Айтматовдун бюсту орнотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Улуу жазуучунун бюстунун салтанаттуу ачылыш аземине президент Садыр Жапаров катышты.
Жапаров өз сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун бюстунун орнотулушу анын дүйнөлүк маданиятка сиңирген эмгегин таануу гана эмес, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөгө умтулуунун далили экенин белгиледи.
«Ушул сыяктуу демилгелер жана долбоорлор өз ара урматтоого, ишенимге жана илим, маданият жана билим берүүдөгү кызматташтыкты тереңдетүү умтулуусуна негизделген бекем достугубуздун айкын далили. Пекин тил жана маданият университетинде эстеликтин ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого олуттуу салым болуп, элдерибиздин достугунун бекем символу катары каларына ишенем», — деди Жапаров.
Ал Айматовдун бюстун жасаган кытайлык скульпторго ыраазычылык сөзүн айткан.
Эскерте кетсек, Садыр Жапаров Кытайда мамлекеттик сапар менен жүрөт.