Бейшеналиевге астмага каршы дары колдонууга уруксат берилди

Бейшеналиевге астмага каршы дары колдонууга уруксат берилди

Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери 29-сентябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайга профилактикалык иш сапары менен барышты.

Аталган ведомстводон билдиришкендей, алар барган маалда убактылуу кармоочу жайда 29 адам болсо, анын төртөө аялдар болгон.

“Ушул эле жерде пара алууга шектелип кармалган билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев менен жолугушту. Ал ЖКККБнын кызматкерлери менен жеке сүйлөшүүсүндө астма менен ооругандыктан жанында болгон дарыларды колдонууга уруксат берилгенин айткан”, — деп айтылат маалыматта.

Алмазбек Бейшеналиев тарабынан кыйноолор же катаал мамиле боюнча даттануу болгон эмес.

Буга чейин ИММдин басма сөз кызматы билдиргендей,  Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев 28-сентябрдын кечинде пара алууга шектелип кармалган. Ал чет элдик студенттерди ата мекендик ЖОЖдорго кабыл алууда өзгөчө ири суммада (110 миң АКШ доллары) пара алуу фактысы боюнча иликтенүүдө. 48 саатка камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>