Россия Украинанын эки облусун өзүнчө мамлекет деп тааныды

Россия Украинанын эки облусун өзүнчө мамлекет деп тааныды

Россия Украинанын Херсон жана Запорожье облустарынын көз карандысыздыгын тааныды. Тиешелүү жарлыкка Россиянын президенти Владимир Путин кол койду.

Буга чейин 2022-жылдын февраль айында Россия Украинанын өзүн өз алдынча мамлекет атаган Донецк жана Луганск облустарынын көз карандысыздыгын тааныган.

Бүгүн, 30-сентябрда Путин Украинанын аталган төрт облусун Россиянын курамына кошуп алуу тууралуу келишимге кол коет.

Эскерте кетсек, Украинанын орус күчтөрү басып алган Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарында 23-27-сентябрда мажбурланган референдумдар өтүп, анын жыйынтыктары 28-сентябрда жарыяланган. Москва дайындаган жетекчилер жана жикчилдер добуш берүүгө катышкандардын 90-99% Россияга кошулууга «макул» болгонун билдиришкен.

Украин бийлиги болсо бул Кремль алдын ала бекитип берген сан экенин билдирип, анын жыйынтыгын тааныбай турганын билдирди. Киев референдумдарды Россия аталган облустарды аннексиялоо үчүн атайын уюштурганын белгиледи. Батыш өлкөлөрү да бул референдумдарды жана аннексияны тааныбай турганын маалымдап жатышат.

2014-жылы Россия Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алган.

Быйыл 24-февралда Россия Украинага кол салган. Анда тутанган согуш азыркы күнгө чейин уланып келет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>