Бейшеналиев: “Чоңдорго телефон чалдыргандарга итиркейим келет” (ВИДЕО)

Бейшеналиев: “Чоңдорго телефон чалдыргандарга итиркейим келет” (ВИДЕО)

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев мектеп директорлоруна катуу эскертүү берген мурдагы видеосун жардамчысы Илгиз Султан социалдык тармакка жарыялады .

Аттестацияны ойлобогула, бир козуну союп, бир чанач кымызды алып, 5 кг жаңгак алып барып бүтөт деген болбойт. Азыр 3-4 этап келе жатат. Мектеп директору кандай инновациялык жаңылыктарды киргизди? Өзү кандай илимий баалоолорго катышты? Ата-энелер менен иштешүү денгээли кандай? Жалпы республикалык тестирлөөдө көрсөткөн көрсөткүчү кандай? Олимпиадаларда ээлеп жаткан орду кандай?”-  деген өңдүү критерийлер менен бааланат.

Ошондой эле өтпөй калган мектеп директорлорун капа болбоого чакырды.

Мектеп директорлор, районолор кандайдыр бир саясий жактардын рычагына айланбашы керек. Бул билим менен илим тармагы- ыйык тармак. Бул жакты бирөөнүн 5 жылдык амбициясы үчүн колдонбоңуздар. Баланча чоңдорго мага телефон чалдырбоону региондорго барганда эскертип атам.  Мага бирөө жөнүндө телефон чалуу болгондо итиркейим келип, жек көрүп баштайм. Мен үчүн адамдык мамилеңер эмес, жасап жаткан ишиңер маанилүү”— деди Алмазбек Бейшеналиев.

Бүгүн министр Жогорку Кеңештин комитетинин жыйында депутат Кундузбек Сулайманов кайсы бир лицейге директорлук кызматка таанышын коюууну суранып телефон чалганын ачык айтып чыккан болчу.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>