Англис тили ааламга жол ачты. Мээнеткеч Мээримдин ийгилиги   

Англис тили ааламга жол ачты. Мээнеткеч Мээримдин ийгилиги   

Дүйнөдөгү эң алдыңкы 3 жогорку окуу жайынын бирине магистратурага тапшырган кыргызстандык Мээрим Нурланбекова максаттарын кантип ишке ашырганын жана ага эмне түрткү болгону тууралуу ой бөлүштү.

Анын айтымында, ал мектепте окуп жүргөндө Борбор Азиядагы Америкалык Университетке окууга тапшырууну кыялданчу.

Англис тилин үйрөнүү мага көп мүмкүнчүлүктөрдү ачты. Мен Кыргызстандын алыскы аймактарындагы мектептердин биринде эле окугам. 10-класста Борбор Азиядагы Америкалык Университетке тапшырууну каалап, англис тилин үйрөнө баштадым. Алгач биздин айылдагы мугалимден индивидуалдуу сабак ала баштадым. Өз алдынча дагы даярданып, англис тилиндеги аудиолорду угуп, китеп жана журналдарды окуп, тасмаларды көрө баштадым.  Жайында Бишкек шаарына иштөө үчүн барып, иштен тышкары курстарга дагы барып жүрдүм.  Ошондой эле, практика болсун деп айылда гид болуп да иштедим. Жалпысынан айтканда англис тилин колуман келишинче окудум”, — деген Мээрим жетишкендиктерин тизмектеди.

  • Борбор Азиядагы Америкалык Университетине бюджеттик негизде өттүм;
  • АКШга эки жыл Global UGRAD (Tennessee) жана BGIA (New York) стипендиалык программалар боюнча окууга барып келдим;
  • Малазияда жайгашкан Гарвардда негизделген ишканадан стажировкадан өттүм;
  • Малайзия, Түркия, Кыргызстан өлкөлөрүнөн онлайн иштеп, англис тилинен билим берүүчү онлайн долбоорлордун үстүндө иштейм;
  • Онлайн тил курстарын ачып, учурда алдыңкы айти кызматкерлеринен кем эмес киреше табуудамын;
  • Дайыма саякаттайм жана ангис тилин жакшы билгеним үчүн кыйынчылыктарга туш болбойм;
  • Дүйнөдөгү эң алдыңкы 3 жогорку окуу жайынын бирине магистратурага тапшырдым.

 

Сүрөттөр Мээрим Нурланбекованын Инстаграм баракчасынан алынды

Рубрики: Илим-билим , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>