Бекер дарылашат. Кореялык дарыгерлер Кыргызстанга келишет

Бекер дарылашат. Кореялык дарыгерлер Кыргызстанга келишет

Бүгүн, 31-майда Саламаттык сактоо министрлигинде Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Пак Ки Сок мырза менен жолугушту. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Пак Ки Сок мырза “СеулАсан” кайрымдуулук фонду 16-19-июлга чейин Бишкек шаарында текшерүү жана дарыланууга муктаж болгондорго акысыз медициналык кызмат көрсөтүүнү пландап жатканын билдирди.

Бул демилгелүү долбоор Кыргызстандын калкына медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана колдоону жакшыртууга багытталган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, ар кандай профилдеги 90го жакын волонтер дарыгерлер: хирургдар, кардиологдор, стоматологдор, ЛОР, окулисттер, аллергологдор, пластикалык хирургдар, педиатрлар, кыргызстандыктарга медициналык жардам жана консультацияларды бекер өткөзүшөт. Кореялык адистер операцияларга жана текшерүүлөргө керектүү жабдууларды, дары-дармектерди өздөрү менен кошумча алып келишет.

Саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Кореянын Кыргызстандагы элчилигинин консулуна Кыргызстандагы медициналык тейлөөнү жакшыртууга көрсөткөн колдоосу жана кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, ыктыярдуу дарыгерлердин келиши медицина тармагындагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдө жана чыңдоодо жана Кыргызстандын саламаттык сактоонун сапатын жогорулатууда дагы бир кадам болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>