Миграциялык агымды көзөмөлдөөнү күчөткөн мыйзам долбоор каралды

Миграциялык агымды көзөмөлдөөнү күчөткөн мыйзам долбоор каралды

Бүгүн, 31-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Демилгечи – Министрлер кабинетинин төрагасы.

Аталган мыйзам долбоору боюнча Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев маалымат берди. Ал белгилегендей, мыйзам долбоору чет мамлекеттин жарандарынын өлкөнүн аймагында болуу тартибин иретке келтирүү, жана миграциялык агымдарды контролдоону күчөтүү максатында иштелип чыккан.

Алсак, миграциялык контролду камсыз кылуу жана аларга карата визасыз режим колдонулган чет мамлекеттик жарандардын өлкөдө болуу тартибин иретке келтирүү максатында, Министрлик тарабынан визасыз режимдин «60/120» принциби боюнча иштөө мөөнөтү боюнча чектөө коюу сунушталып жатат, тактап йатканда, 60 күнгө чейинки визасыз режимди пайдаланган учурда, эгерде Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, мыйзада белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык макулдашууларда башкача каралбаса, кайра кирүү өлкөдөн чыккан күндөн баштап 120 күн өткөндө гана мүмкүн болот, же болбосо мөөнөттөр Кыргызстандын жарандарынын өлкөдө болуусу үчүн башка мөөнөттөр каралган мамлекеттердин жарандарына карата өз аралык принцибинде КРнын Министрлер кабинети тарабынан аныкталат.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев визалык тейлөө системасын жакшыртуу маселесин көтөрүп, чет мамлекеттик жарандарга Кыргызстандын аэропортторунда ыкчам түрдө виза берүү мүмкүнчүлүгүн түзүүнү сунуштады.

Ал эми эл өкүлү Эмил Жамгырчиев башка өлкөлөр менен паритеттик принциптерди сактоо боюнча чараларды көрүүгө чакырып, Россия, Беларусь, Кореядан автоунаа ташыган Кыргызстандын жарандары чек арадан өтүүдө тинтүү жана суракка алынып, укуктары тебеленип жатканын айтты.

Депутат Нуржигит Кадырбеков «Тышкы миграция жөнүндө» мыйзамдын азыркы редакциясында Кыргыз Республикасы тарабынан бир тараптуу тартипте киргизилген визасыз режим Министрлер кабинети тарабынан коюлуп жана Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынса, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда визасыз режим Министрлер кабинетинин гана ченемдик укуктук актыларынын негизинде жүзөгө ашырыларын айтып, Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары кыскарып жатканын сынга алды.

Буга Алмаз Имангазиев Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары чектелбегенин айтып, Министрлер кабинети визалык операциялардын ыкчамдуулугун камсыз кылуу максатында тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүнү суранып жатканын кошумчалап: “Бул берене боюнча экинчи окууда сиздин сунушуңузду эске алып, компромистүү вариант иштеп чыгууга даярбыз”, — деп жооп берди.

Ошондой эле депутат Медербек Алиев сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун текстиндеги каталарга көңүл буруп, мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгып, мүчүлүштүктөрдү жоюуну сунуштады. “Сиз демилгелеген мыйзам долбоорлору кынтыксыз, идеалдуу түрдө келип, мыйзам чыгаруунун стандарттарына ылайык келиши керек”, — деди.

Жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, биринчи окууда кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>