Салт эмес, трагедия: ала качууну кайтарууга кимдер аракет кылууда
Кээде Кыргызстанды кызыктай коомдук демилгелер менен улам-улам бекемдигин сынап жаткандай сезилет. Бирөөлөр көп аял алуу үчүн жоопкерчиликти жеңилдетүүнү сунуштаса, башкалары зордук-зомбулукту салт катары көрсөтүп, кыз ала качууну кайтарууну сунушташат. Бирок мындай идеялардын артында абстракттуу талкуулар турбайт. Алардын артында — реалдуу адам өмүрү, реалдуу көз жаш жана реалдуу мүрзөлөр турат.

Напсинин кулдарынын чабуулу
2026-жылдын апрелинде социалдык тармактарда Бишкектин борбордук мечитинин жанындагы акция тартылган видеоролик тараган. Анын катышуучулары көп аял алууну кылмыш жоопкерчилигинен алуу үчүн кол топтоп жатышкан.
Кыргызстандыктардын тобу, анын ичинде бир нече диний ишмерлер, жоопкерчиликти Кылмыш-жаза кодексинен Укук бузуулар жөнүндө кодекске которууну сунушташкан.
«Көптөгөн байкелерибиз келип, бизди колдоп жатышат. Сиздер да келиңиздер», — деп чакырышкан уюштуруучулар.
Алардын пикири боюнча, көп аял алгандарга карата азыркы жаза — коомдук же түзөтүү жумуштары, же болбосо 50 миңден 100 миң сомго чейинки айып пул — өтө эле катаал. Акциянын демилгечилери соттуулугу жок эле 10 миң сомго чейин айып пул жана жети суткага чейин камакка алууну белгилөөнү сунушташкан.
Мамлекеттин реакциясы дароо болду — укук коргоо органдары акциянын уюштуруучулары менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык көп аял алуу Кылмыш-жаза кодексинин негизинде жазаланарын эскертишти.
Жергиликтүү «Сулайман хандарды» бул токтотту деп ойлойсузбу? Такыр андай эмес.
Алар ЖМКларга «мыйзамдын чегинде гана иш алып барып жатышканын жана токтоого ниеттери жок экенин», эгерде керектүү 10 миң колду топтосо, мыйзам долбоорун парламентке өткөрүп берерин билдиришкен. Белгилей кетсек, ал учурда топтолгон колдордун саны төрт миңге чамалап калган эле.
Бул демилгенин тарапташтары республиканын Юстиция министрлиги кол топтоого уруксат бергенин, ал эми милиция алардан болгону «өздөрүн тынчыраак алып жүрүүнү» гана суранганын баса белгилешкен.
Акмактык — коркунучтуу күч
Кыргызстандыктардын үрөйүн учурган дагы бир демилге Ысык-Көл облусунун тургундарынын аймак башчысы Бактыбек Жетигенов менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Анда орто жашап калган бир аял «жети дубан эл, кыргыз эли, ата-энелер жана башкалардын баары» аны колдойт деп чын жүрөктөн ишенип, жаштардын атынан Кыргызстандын президентине кайрылды.
Бул айым кыз ала качууну мыйзамдаштыруу үй-бүлөлүк зомбулук учурларын азайтууга жардам берет деп ишенет.
«Азыр коомдо таш боордук көп, кыздар жаңы төрөлгөн балдарын таштап, кээде өлтүрүп — дааратканаларга ыргытып жатышат. Садыр Жапаровдон кыз ала качуу салтын кайтаруусун суранам. Анткени мурун бабаларыбыз кыз ала качып, жашап, баары эле жакшы болгон да. Эгер кайтарып беришсе, мына ушул зомбулук, таш боордук жана башка чектен чыккандыктар токтойт эле!» — деп Балбак айылынын тургуну ишенимдүү түрдө билдирди.
Кыргыз аялдарын «айбанга теңеп, мал катары көрүүгө» болгон токтобогон аракеттер мени гана чочулатып, коркутуп жатабы? Анткени аялды өз тандоосу жана добуш берүү укугу бар инсан катары эмес, тагдырын анын ордуна чечип койсо боло турган буюмга айлантууга аракет кылышканда дал ушул нерсе болот.
Бирок эң коркунучтуусу, бул процесске кимдир бирөөнүн жубайы, эже-карындашы, кызы, энеси кошулуп жатканы…
Жана өзгөчө «бабаларыбыз ушинтип жашаган» деген аргументтерди угуу кызыктай. Бул качан жана кайсы жерде норма болгон? Эч качан кыргыз кызы укуксуз мал болгон эмес — муну эсиңерге бекем түйүп алгыла.
Биздин салттуу маданиятыбызда аялдар эркиндиктин, теңчиликтин жана тайманбастыктын жогорку деңгээлине ээ болушкан, эркектер менен теңтайлашып ат кулагы менен тең ойноп, жоокер жана көз карандысыз болушкан.
Башка көптөгөн көчмөн жана отурукташкан элдерден айырмаланып, кыргыз аялдары жүзүн жапкан эмес, аксакалдар кеңешине, чарбаны башкарууга жана болочок баатырларды тарбиялоого активдүү катышкан. Кыздарды кичинесинен ээрде ишенимдүү отурууга, татаал ыкмаларды жасоого, улуттук оюндарга жана ат чабыштарга катышууга үйрөтүшкөн.
Фантазияларды салт катары көрсөтүү
Кыргыздын «салты» тууралуу сөздөргө келсек, буга чейин ЖМКларда кыргыз таануучу, учурда КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев айткан эле.

Анын айтымында, «кыз ала качуу» эч качан салт болгон эмес. Кыз уурдоо салттын бузулушу болгон, анткени ата-энесинин макулдугу болгон эмес. Бул үчүн өтө олуттуу айып пулдар салынып, аны бүтүндөй уруусу менен төлөшкөн.
«Кээде ушундай кылышкан, бирок белгилүү бир учурда гана — жигит менен кыз бирин-бири сүйүп, ортодо үй-бүлө курууга өз ара макулдук болуп, бирок кандайдыр бир себептер менен салттуу кудалашуу процедурасын сактай албай калган учурда гана», — деп айткан Мураталиев.
Эгерде ала качуунун тарапташтарын Мураталиевдин аргументтери ынандырбаса, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын (КМДБ) позициясы менен да кунт коюп таанышып чыгууну сунуштайм.

Reporter.kg сайтына КМДБнын калкты диний маалымат менен камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери Имарали уулу Махамадали комментарий бергендей, кыз ала качуу коомдогу эң көп талкууланган темалардын бири бойдон калууда. Ошол эле учурда айрымдар бул көрүнүштү салт деп атап, актоого аракет кылышат, бирок анын Исламда да, кыргыз элинин чыныгы тарыхында да эч кандай негизи жок.
«Исламда нике эки тараптын тең өз ара макулдугу менен гана кыйылат. Мухаммед пайгамбар (САВ) аялдын макулдугусуз никеге турууга жол берилбестигин айткан. Ошондуктан кызды уурдоо, коркутуу же мажбурлоо исламдын адилеттүүлүк жана мээримдүүлүк принциптерине толугу менен карама-каршы келет», — деп белгиледи Имарали уулу Махамадали.
Ал кыргыз элинин тарыхында да кыздын макулдугу чоң мааниге ээ болгонун өзгөчө баса белгиледи. Ата-энеси никеге каршы болгондуктан, сүйүшкөндөр чогуу качып кеткен учурлар болгон, бирок бул жаштардын өз ара макулдугу менен гана ишке ашкан.
«Кызды өз эркине каршы уурдоо, тилекке каршы, азыркы учурда көп кездешип жаткандай эле, биздин салттуу баалуулуктарыбызга (наркка) да дал келбейт. Кыз — бул “аманат” — Жараткан тарабынан тапшырылган жана ал үчүн жоопкерчилик алынган жакшылык. Бул адамдын тагдыры. “Салт” деген сөзгө жамынып алып адам укугун бузууга болбойт. Кыргыз жана мусулман баалуулуктарынын чыныгы маңызы — өз ара сый-урматтын, ыймандын жана эки тараптын макулдугунун негизинде үй-бүлө куруу», — деп жыйынтыктады муфтияттын өкүлү.
Ачуу сандар
Белгилей кетсек, кыз ала качуу фактылары боюнча так жылдык статистиканы чогултуу кыйын, анткени жабыркагандардын көбү коомдун басымынан улам укук коргоо органдарына кайрылышпайт.
Бирок Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин «БУУ-Аялдар» түзүмү жана Евробиримдик менен өнөктөштүктө берген маалыматына ылайык, бардык никелердин 20 пайыздан ашыгы ала качуу практикасы аркылуу кыйылат. Аймактарда бул көрсөткүч тарыхый жактан 60 пайызга жеткен, мында учурлардын үчтөн эки бөлүгүндө ала качуу кыздын макулдугусуз болгон.
Ошондой эле, 2022-жылы ал кезде Кыргызстандын башкы прокурору кызматын ээлеп турган Курманкул Зулушевдин айткан маалыматына караганда, 2021-жылдын ичинде эле аялдарды ала качуу жана никеге турууга мажбурлоо боюнча 560 факт катталган. Сотко 82 иш өткөрүлүп, 460ы кыскартылган, дагы 14ү өндүрүштө болгон.
Кыйылган өмүрлөр…
Кыз ала качууну мыйзамдаштырууну колдогондордун эсине Кыргызстандын үрөйүн учурган коркунучтуу окуяларды салып өтөйүн…
Мындан туура сегиз жыл мурун — 2018-жылдын 27-майында — Чүй облусунун Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратында медициналык колледждин 20 жаштагы студенти Бурулай Турдаалы кызы өлтүрүлгөн.

Кыздын өлүмүнө аны буга чейин үйлөнүү максатында ала качып кеткен Марс Бөдөшев айыпталган. Ал Бурулайды милициянын кабыл алуу бөлүмүндө бычактап, андан кийин өз жанын кыюуга аракет кылган. Ал мүлкүн конфискациялоо менен күчөтүлгөн тартиптеги колонияда 20 жылга, ал эми анын шериги Акмат Сейитов жети жылга эркинен ажыратылган.
Үч жыл өткөндөн кийин Кыргызстан кайрадан селт этти — Бурулайдын окуясы кайталанды.
2021-жылдын 5-апрелинде эртең менен Бишкектин чок ортосунда үч белгисиз адам 27 жаштагы Айзада Канатбекованы унаага күчкө салып отургузуп кетишкен.

Ал эми эки күндөн кийин кыздын жана аны ала качып өлтүргөн 36 жаштагы Замирбек Теңизбаевдин сөөгү Чүй облусунун Аламүдүн районунда, талаада калтырылган унаанын ичинен табылган.
Бурулай менен Айзаданын коомчулукта резонанс жараткан окуяларынан кийин жөнөкөй эле суроо бергиң келет: зомбулукту жөн гана салт деп атай салуу менен ал салт болуп калбастыгын түшүнүү үчүн дагы канча трагедия керек?
Каза болгон кыздардын да жашоого пландары бар болчу. Кыялдары бар эле. Алар бир күнү тагдырлары статистикага, ал эми ысымдары бирөөнүн таш боордугунун эскертүүсүнө айланат деп эч качан ойлошкон эмес.
Ала качууну мыйзамдаштыруунун тарапташтары, өзүңөрдүн өмүрүңөрдү, денеңерди жана тагдырыңарды каалаганыңардай калчагыла, бирок Кыргызстандын бардык аялдарынын, бүтүндөй жаштардын, кызы бар бардык ата-энелердин жана кыздардын өздөрүнүн атынан сүйлөөгө батынбагыла!
Анара Мамытова