13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилди
Ош шаарынын 2050-жылга чейинки башкы планы иштелип чыгат
20.05.2026 | 10:47

19-майда Ош шаардык мэриясында шаардын 2050-жылга чейинки башкы планын талкуулоо боюнча алгачкы жыйын өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.
Иш-чарага Ош шаарынын мэринин орун басары Шумкарбек Пайзиев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, Курулуш министрлигинин өкүлдөрү жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышкан.
Жыйындын жүрүшүндө башкы планды иштеп чыгуу боюнча комиссия түзүлгөн. Ошондой эле Ош шаардык мэриясы менен Курулуш министрлигинин ортосунда ар тараптуу колдоо көрсөтүү боюнча келишимге кол коюлду.
Мындан тышкары жыйына буга чейинки башкы план боюнча келип түшкөн сунуш-пикирлерди карап чыгуу маселеси да талкууланган. Башкы план боюнча кийинки отурум июнь айында өткөрүлөрү айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом