Кыргызстанда турак жайлардын болгону 28%ы камсыздандырылган
Кыргызстанда 1 миллион 251 миң 515 турак жай бар болсо, анын болгону 28%га жакыны гана камсыздандырылган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкө боюнча 357 миңге жакын турак жай камсыздандырылган. Эки жыл мурун камсыздандыруу деңгээли 10%га да жетчү эмес.
Нурланова 2025-жылы Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы табигый кырсыктар жана өрт боюнча канча төлөм жүргүзгөнүн да айтты.
Селден жабыркаган 7 учур боюнча 1 миллион 396 миң 996 сом төлөнгөн.
Кардын калың жаашынан бир учур катталып, 19 миң 521 сом төлөм берилген.
Катуу шамалдан жабыркаган 82 учур боюнча 1 миллион 66 миң 30 сом төлөнгөн.
Суу ташкыны боюнча бир учурга 500 миң сом компенсация берилген.
Эң көп төлөм өрт кырсыктарына байланыштуу болгон. 156 учур боюнча жарандарга жалпысынан 28 миллион 896 миң 374 сом төлөнүп берилген.