Баткенде сел каналынын курулушу жай жүрүүдө. Тургундар кооптонуп, президентке кайрылыштыКыргызстан менен Беларусь Минскиде алты кызматташтык документине кол коюштуБишкекте сүрөтчү Асаналы Бейшеновдун жеке көргөзмөсү ачылатСадыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз бердиКасымалиев 14 жаштагы Амирдин өлүмүнүн жагдайларын текшерүүнү тапшырдыТашиев өспүрүмдүн өлүмүнөн кийин ӨКМ жетекчисинин аракеттерин текшерүүгө чакырды
Кыргызстандык окуучулар Сочидеги биология олимпиадасында ийгилик жаратышты
25.05.2026 | 11:59

Кыргызстандык окуучулар биология боюнча «Open International Biology Olympiad» (OIBO-2026) эл аралык олимпиадасында жети медаль утушуп, ийгилик жаратышты. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Мелдеш 15–22-май күндөрү Орусиянын Сочи шаарындагы «Сириус» билим берүү борборунун базасында өттү. Ага 18 өлкөдөн 100дөн ашык окуучу катышты.
Олимпиаданын жыйынтыгында, Кыргызстандан барган курама команда жеке эсепте 1 алтын, 4 күмүш жана 1 коло медаль жеңип алды. Алар:
- Алтын медаль: Дмитрий Рубан, «Сейтек» STEM мектеби;
- Күмүш медаль: Нурсултан Увалиев, «Сейтек» STEM мектеби;
- Улукбек Русланбеков, «Сейтек» STEM мектеби;
- Атахан Исираев, «Кут Билим» Ысык-Көл окуу-тарбия комплекси;
- Анатай Нурланов, №61 мектеп;
- Коло медаль: Эржан Асанов, Х. Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи.
Мындан тышкары, Кыргызстандын курама командасы топтук долбоордук (Project Round) баскычында алтын медалга татыды. Команданы Асхатбек Темиркулов машыктырган.
Рубрики: Жаңылыктар, Илим-билим