Бекзат Өмүрбеков 1-майга чейин камалды

Бекзат Өмүрбеков 1-майга чейин камалды

Алдамчылыкка шектелип кармалган белгилүү блогер Бекзат Өмүрбеков 1-майга чейин Бишкек шаарындагы №1 Тергөө абагына камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Укук коргоо органдарынын маалыматында, Бекзат Өмүрбеков президент менен тааныштыгын айтып, жетекчилик кызматка орноштурууну убадалап, жарандан 50 миң доллар алып качып кеткен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Белгилей кетсек, Бекзат Өмүрбеков социалдык тармакта активдүү. Акыркы бир нече жылдан бери Садыр Жапаровдун колдоп, президентке байланыштуу жаңылыктар менен дагы бөлүшүп турат.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова Бекзат Өмүрбековго каршы арыз жазарын айтып, башкаларды дагы блогердин үстүнөн даттанууга чакырды.

Жетекчилик кызматка орноштурам деп 50 миң $ алган адам кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>