Президент бир катар ишмерлерге мамлекеттик сыйлыктарды жана ардак наамдарды ыйгардыКыргызстан балык тоюттарын импорттоого алты айлык мөөнөткө тыюу салуудаКР парламентинде автобус айдоочуларын майыптар арабасындагы адамдардын жанынан токтобой өтүп кетпөөгө чакырыштыОш шаарында автобустук каттамдардын багыттары өзгөртүлдүСамаков шайлоо күнүн эс алуу күнү кылбоону сунуштадыБШК бир тилкедеги шайлоочулардын санын 3 миңден 4 миң адамга чейин көбөйттү
Сурамжылоо: Жарандардын көпчүлүгү кымбат бааларга кабатыр
04.03.2024 | 09:03
Өлкөнүн учурдагы башкы көйгөйү калктын жашоо дэңгээли жана кымбат баалар. Бул тууралуу Эл аралык республикалык институттун (IRI) сурамжылоосунун жыйынтыгында айтылат.
Ага катышкан жарандардын 27 пайызы бийлик биринчи кезекте ушул маселелерди чечиши керектигин айткан.
25 пайызы элди жумуш менен камсыз кылуу зарылдыгын белгилесе, 10 пайызы коррупция менен күрөшүүгө чакырган.

Андан кийин суу, экономикалык маселелер, турак жай, миграция жана чек ара коопсуздугун чечүү керектиги белгиленген.
Изилдөө 2023-жылдын 21-декабрынан 2024 жылдын 19-январына чейин респонденттердин үйүндө маектешүү жолу менен жүргүзүлдү. Ага 18 жаштан жогору 1 миң 500 адам катышты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика