Кыргызстан менен Беларусь жүк ташууда милдеттүү уруксаттарды жокко чыгарды

Кыргызстан менен Беларусь жүк ташууда милдеттүү уруксаттарды жокко чыгарды

Кыргызстан менен Беларусь авто транспорттор менен жүк ташуучу үчүн милдеттүү уруксаттарды жокко чыгарышты. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, министр Тилек Текебаев 13-16-июль күндөрү Минск шаарына болгон иш сапарынын алкагында, Беларустун транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Алексей Ляхнов менен жолукту. Анда эл аралык автомобилдик каттам жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу протоколго кол коюлду.

“1995-жылдын 14-июнунда Минск шаарында кол коюлган Эл аралык автомобиль каттамы жөнүндө протоколго 28 жылдан кийин Минскиде кол койгонубуз символикалуу. Бул протоколдун жоболоруна ылайык, тараптардын ортосунда Евразия экономикалык бирлигине мүчө өлкөлөр менен 3 өлкөнүн ичинде жана сыртында жүк ташуулардын уруксаатсыз системасы түзүлөт. Ошондой эле, Кыргызстандын темир жол администрацияларынын Беларус менен өз ара аракеттенүүсү иштелип чыкты. Бүгүнкү күндө поезддердин кыймылын уюштурууга байланыштуу көйгөйлүү маселелер жок”, — деди Тилек Текебаев.

Тараптар транспорт жаатында активдүү өз ара аракеттенүү менен макулдашуулар аткарыларына ишенимин билдиришти.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>